Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

“МАНСАБЫҢ ЧЫКСЫН КӨЗҮҢДӨН, МАНАСТЫН ЖЕРИН САТКАНДАР”


Бүгүн жарык көргөн гезитттердин баары казакка кеткен Каркыра жөнүндө жазып чыкты. “Жаңырык апта” гезити “Келечек муун Каркыраны айланта кыргыз жерин, менчигин кошуналарга берген “Акжол” партиясы менен азыркы бийликке карата таш эстелик тургузуп калбас бекен?” деп 1-бетин баштаса, “Де-факто” гезити 1-бетин:

“Мандантын бекер тапкандар,
Манчыркап балды таткандар.
Мансабың чыксын көзүңдөн
Манастын жерин саткандар!”
деп каргыш менен коштолгон “Кош, Каркыра” деген ыр саптары аркылуу ачты.

“Лица” гезити жер маселесин гезиттин 2-бетине алып чыгып, аны “Манастын урпактары жеринен айрылууда” деп атады.

“Каркырадан айрылган, канаты кайрылган Ысыккөлгө эмне үчүн спецназ түшүрүлдү?” деп айрым жарандарга суроо салганда, “Кыргызстан патриоттору” кыймылынын координатору Жакен Шамыралиев, эгерде аскер кызматкерлери жергиликтүү тургундарды жерлигине бөлүп-жарууну токтотпосо, Жети-Өгүз районунун эли Коргоо министрлигинин, УККнын алдына пикетке чыгып, Чолпоната шаарында өтө турган ШКУ парламенттер аралык ассамблеясынын саммитин үзгүлтүккө учуратууга барарын, спецзназды алып келүү менен бийлик жергиликтүү элди коркутууга аркет кылганын, ушу күндө куралчан 40 спецназ Тамга айылында палаткаларда жашап жатканын, элдин маанайы абдан жамандыгын, бир нерсе болсо эле толкуп кетерин, эл “Тамгадан спецназ чыгарылып кетсин, санаторийге караштуу үйлөрдөгү жашап келген жергиликтүү тургундарды чыгаруу токтотулсун жана түндүк-түштүк аймактык чатакка түрткөндөр жоопко тартылсын” деген талаптарды коюп жатканын билдирди.

Буга коргоо министри Исмаил Исаков, спецназ ал жерге жумуш менен барганын, аскердик санаторийдин имараттарын ремонттоп, айланасын шыпырып, бактарды кырксын деп жибергенин, 2-июлда КМШ коргоо министрлеринин жыйыны өтөрүн, муну көралбастар жасап жатканын, ал эми квартираларды бошот деп буйрук бергенин, анткени пенсияга кетсе деле квартираларын тапшырбай, бирөөлөргө батирге берип акчасын алып жүргөндөр бар экенин, ушундайлар ээлеп алып жыргагылары келип атканын, алар ызы-чуу кылсак эле Исаков коркуп калат деп ойлоп атышканын айткан.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, эгер көлдөгү чатакты бийлик күч менен баса турган болсо бул башка региондогу элдин да кыжырын кайнатарын, бийлик коомчулук менен эсептешпей тиш кайрай берсе аягы жакшылыкка алып келбестигин айтса, саясатчы Топчубек Тургуналиев, “...ондогон жылдар бою отурукташып, иштеп, жашап турган адамдарга атайын, болгондо да “Скорпион” тобун курал-жарагы менен түшүрүш не деген шумдук! Бийлик акылсыз иш-чаралары менен элди көтөрүп, элди элге тукурган турабы? Мындай өкүмзордук жарандык кагылышууга апкелиши мүмкүн. Спецназды Тамгага буйрук берип ким жиберсе ал керт башы менен жооп бериши керек, бул боюнча көз карандысыз комиссия түзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарыл” деди.

Жыпар Жекшеев, “Ансыз да кыжыры кайнап турган элге “Скорпион” атайын тобунун Тамгага түшүрүлүшү эң барып турган эси жоктук, өз элине спецназды айгактаган уят иш. Эл деген террорчу же душман эмес” деп жооп берди.



“А. Акаев жыйнаган байлыгын, үйбүлөсүн, бүтүн кыргыз элинен артык көрүп качып кетти. Болгондо да өзү айткандай өлкөнү араккорлорго, паракорлорго, наркомандар менен наркомафияларга таштап кетти. Мынакей 24-марттын трагедиясы. Кыргызстанды жок кылыш үчун коңшу казак күйөө бала берди. Өз кызын берди. Калпагы кыргыз, паспорту кыргыз, кыргыз Конституциясына ант берген, бирок аягында “мен казакмын” деп баса берди. Эбегейсиз Казакстандын этегинде турабыз дагы “бир тууганбыз, коңшубуз, мамилени сактайлы” деп жойпуланабыз. Ошондой эле кыргызга күйгөн коңшу экен, калдайган жери туруп биздин жерге көз артпай койбойбу. Таласта алакандай жерде байлык бар экенин көрүп калып шагыл жерибизге алмашкыла дейт.

Кыргыздын көзү өткөн референдумда ачылышы керек эле, бийлик элди мал ордуна көрбөй калганын көрүп-билип туруп аны кайра калкалап жүрбөйбү. Акаев референдум кылып Конституциялардын баарын бузуп бүттү эле, Бакиев дагы референдум менен Конституция кабыл алып “Кыргызстандын табигый байлыктары сатылат” деп жаздыртты. Биз бул Конституцияны токтотпосок эми ГЭСтер сатылат, “Ак жол” муну да мыйзамдаштырганы жатат.

Бир убакта Ормон хандын Үмөталы деген уулу Алматыны казакка берген. Андан кийин казактар Курдайды алган. Эми Ысык-Көлдү алды. Манасың Көкөтөйдүн ашын берген Каркыраңды алды. Эртең бүт Суусамыр меники дебесе, мага келгиле. Корооңдогу коюңду ар дайым “менин коюм болчу” деп талашкан тууган душмандан жаман” деп айтты бүгүнкү “Де-факто” гезити аркылуу белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов.


Ал эми “Жаңырык апта” гезити Кыргызстандагы казак диспорасынын өкүлү, “Кайран эл” партиясынын мүчөсү, казак баурдасыбыз Асан Жаксыбек, казак бийлиги Кыргызстандан жер бергиле деп кысым көрсөтпөгөнүн, тескерисинче кыргыз бийлиги Назарбаевге жасакерлениш үчүн өзү жерлерин белек кылып бергенге кызыгдар болуп жатканын, кыргыз бийлиги “Казакстан тарап жер бергиле деп талап коюп жатат” деп жалган айтуу менен эки элдин оритосундагы ысык мамилеге доо кетиргендигин айтканын маалымдады.

Гезит ошондой эле бүгүн Бакиевди ээрчип Астанага аттанган кыргыз аткаминерлери Каркыранын сыйы үчүн Назарбаевдин тоюн жеп келерин, Каркыра менен пансионаттарды саткандан уялбагандар тойлогондон да уялбастыгын, бийлик акыркы учурларда өз көлөкөсүнөн коркуп, антимыйзамдуу аракеттерди көп жасап, элдин тагдыры менен ойноп, байларды колго алып, каратамандарды кыйнап жатканын, ошон үчүн шашылып “күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин” саясатын жүргүзгөнгө өткөнүн жазды.

Ошондой эле гезит “бийликтин дагы бир чочуганы оппозициянын катарынын көбөйүп баратканын, азыркы бийлик дал ушул элди алдап бийликке келгенин унутуп калганын, эл деген Жерин саткандарды эч качан кечирбестигин, андайларга кылымдар бою кек сактап, бетине түкүрүп келишкенин, бийлик өзүн гана эмес уул-кыздарынын да бетине түбөлүк кеткис көө сүйкөп жатканын, эртең эле эл аларды “сен баягы саткындын тукуму турбайсыңбы” деп атарын кеп кылды.



“Ооба, казактардын мунайы, газы, Менделеев таблицасында эмне болсо ошонун баары бар, алар өзүлөрү айтып жүргөндөй өз элинин патриоту болгон күчтүү өкмөтү бар. Ал эми биздечи? Бизде Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр карама-каршы келе турган документтерди башка бир өлкөнүн пайдасына чечип бере турган чөнтөк парламенти бар. Өздөрүнүн бир мүнөттүк жыргалы үчүн бүтүндөй мамлекетке каршы кадамдарга барууга ар дайым даяр турган саткын чиновниктери бар. Кайран Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактап калуу жөнүндө эмес, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн шамын жагып, кара курсактын камынан башканы ойлобогон кайдыгер калкы бар...

Эми түштөн кийин айтылуу “Манас” эпосун колго алып, Көкөтөйдүн ашынын Каркырада өткөндүгү тууралуу баянды шатырата окуп олтуруунун да эч кандай кажети жок. Баары кеч болуп калды. Каркыра мындан ары биздин жер эмес. Мына ушунун баары ушундай болгонун моюнга алуу, өзүңдү укуксуз, басынган, тепселген, жүдөгөн, бечера калк катары сезүү кандай жаман, кандай оор” деп жазды “Лица” гезити “Манастын урпактары жеринен айрылууда” деген макаласында.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG