Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

18:33 Ош шаардык сотунда укук коргоочу Равшан Гапировдун үстүнөн дагы бир сот иши каралды


Бул туурасында Равшан Гапировдун коомдук жактоочусу Төлөн Дыйканбаев бүгүн “Азаттыкка” маалымдап, 2008-жылдын 1-февралында “Мөңгү” гезитине жарыяланган “Бизди эми жин оорусуна чалдыккандар башкарабы?” аттуу макаласы үчүн укук коргоочуну Карасуу районуна караштуу Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Баатыр Казаков ушактарды жазып, мага ак жеримден жалаа жаап, эл алдында аброюмду кемсинтти, деп сотко бергендигин кошумчалады. Оштогу “Элим үчүн, элим менен” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатибаев соттун бул жоругу көз карандысыз укук коргоочуларга эскертүү гана, эгерде Гапировдон башкалар дагы баш көтөрсө, бул бийлик демократиянын жаназасын тирүүлөй окуганга даяр деп кабатырланды. (АТо)

XS
SM
MD
LG