Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

КӨК БӨРҮ ТАРТЫЛГАН ЭНЕРГЕТИКА


Бир катар жарандык коомчулуктун өкүлдөрү энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1051D41D-74FF-46A7-9513-9B3A2861FD14.asp тармагынын менчиктештирилиши менен өлкө көз каранды абалга түшүп, электрге болгон баа асмандап, карапайым калктын башына чоң мүшкүл түшөрүн айтышууда. Укук коргоочулар бүгүн өткөргөн жыйында дал ушул энергетика тармагынын менчикке кетиши, бул тармактагы иштерде ачыктык болбой жатканы сыяктуу маселелер талкууланды. Талкууга катышкан бийлик өкүлдөрү бул жаатта программа иштелип чыкканын, ал парламентке кароого берилгенин, тармакты жеке колго өткөрүүдөн башка жол жоктугун айтышууда.

Өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган жыйында өлкөнүн стратегиялык тармактарынын бири болгон электр тармагын реформалоо иштери ачык жүрбөй жатканы, кала берсе парламентте да бул маселе жабык эшик аркасында каралып, маалыматтар жашырылып жатканына тынчсыздануулар билдирилди. Мындай татаал маселени коомчулуктун талкуусуна коюп, шашпай турууга чакырган жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик өкүлдөрүнөн ачыктыкты талап кылышты.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, электр тармагын жеке колго берүү маселесинде ачыктыктын жоктугу шек туудурбай койбойт:

- Парламент жабык болуп калды. Алардын регламенти дагы ачык болбой, мыйзамга каршы келип атат. Ошондуктан шашып-бушуп эле энергетика тармагы боюнча мындай документти кабыл албаш керек. Анткени стратегиялык объект деп энергетика тармагы эле эмес мөңгүлөрдү дагы кошуп коюшуптур. Бул деген кыргыз эли, Кыргызстан үчүн абдан опурталдуу нерсе. Биз деле азыркы кез Кыргызстан үчүн абдан оор болуп атат деп айтып атабыз. Ошондо дагы ачык процесстер болушу керек. Анан мунун түбү өлкөбүз үчүн эмне менен бүтөт деген маселени чечип алышыбыз керек.



Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев суроолорго жооп берип жатып, энергетика жана жалпы отун ресурстары тармагын өнүктүрүү багытында атайын программа иштелип чыкканын, ал жакта энергетика тармагы менчикке кеткен күндө дагы бааларды көзөмөлдөө укугу мамлекеттин колунда каларын, бул программа азыркы тапта Жогорку Кеңешке кароого берилгенин айтты.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнү электр тармагында бөлүштүргүч компаниялар менчикке берилгени жатканы менен электр станциялары берилбей турганын, бул тармакта дагы рыноктогудай алака түзүлүп, кардарлар ошого жараша өзүнө ылайыктуу компанияны тандап алышы керектигин баса белгиледи:

- Маселен, Караколдо “Акселл” деген компания иштеп атат. Алар 100 пайызга чогултуп атат каражатты. Мурда жоготуусу 60 пайыз болчу. 100 сомго электр берсе 40 сом гана алчу. Азыр болсо 100 сомго электр энергиясын берсе 100-102 сомдон алып атышат. Мисалы, шаардын ичинде “Трансэлектро” деген компания бар. Алар бүт бардыгын 100 пайыз чогултуп атышат жакшынакай эле. Жеке компаниялар иштеп атышат.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, бийлик элдин жана атаандаштарынын көзүн жазгырып, жашыруун түрдө мамлекеттин эбегейсиз байлыгын сатып жиберүүгө ашыгып жатат деген ойдо:

- Эбегейсиз чоң байлык сатылып кетип атат. Бул байлык гана эмес Кыргызстандын келечеги. Энергетика жана суу ресурстарын көзөмөлдөө - бул дүйнөгө кожоюндук кылуунун куралына айланып баратат. Мына ушундай мезгилде биз өз байлыгыбызды, мүмкүнчүлүгүбүздү ойлонбостон туруп сатып жиберүү – бул кылмыш. Мына ушуну сатып алуучулар тез арада, жабык, көмүскө түрдө сатылып кетишин талап кылып атышат. Ошондуктан, буга байланыштуу бүт кабыл алынып жаткан мыйзамдар ошолордун заказы менен аткарылып атат. Өкмөт тез арада, эч ким менен кеңешпей туруп, чыр-чатаксыз бардыгын сатып жиберүүгө ниети бар экендиги көрүп калды.

Талкуунун соңунда анын демилгечилери атайын резолюция кабыл алышып, президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Кайрылууда маселе ачык талкууланып, ага байланыштуу бардык нерселер айкын болмоюнча энергетика тармагын менчиктештирүү процессин токтотуп туруу керектиги айтылган.

XS
SM
MD
LG