Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

16:10 Казакстан Кыргызстанга буудай берүүсү боюнча келишим күчүндө


Бул тууралуу кыргыз президенти бүгүн Астанадан кайтып келатып, учактын салонунда журналисттерге билдирген. Президенттин айтымында, Казакстан буудайды сыртка чыгаруу боюнча тыюусун Кыргызстанга карата жокко чыгарат. Ошондой эле Кыргызстанга 50 миң тонна дан берүү боюнча буга чейинки келишим күчүндө калды жана аны казак тарап жакын арада аткара баштайт. Ушул жылдын 15-апрелинде казак өкмөтү 1-сентябрга чейин сыртка буудай чыгарууга тыюу салган болчу.(SM)

XS
SM
MD
LG