Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

18:32 Бүгүн Жалалабатта гендердик тең укуктуулук маселеси талкууланды


Талкууга катышкан облустук жана район-шаар бийликтеринин аял орунбасарлары менен аялдар кеңештеринин төрайымдары президенттин ушундай жарлыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти. Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын айтымында, жергиликтүү бийлик кызматчыларынын 30-34 пайызын аялдар түзөт. Былтыр катталган 21 343 жумушсуздун 51 пайызы аялдар болуп, 18 187 жаңы жумуш орундарынын 45 пайызы аялдарга тийген. 148 жумушсузга берилген 3 миллион 183 миң сом микрокредиттин жарымынан көбүн аялдар жамааты алган. Талкууда үйбүлөлүк зордук-зомбулук, ата-энелери тыш өлкөлөрдө иштеген балдарды тарбиялоо тууралуу айтылып, тең укуктуулуктун көйгөйлөрү кеңири козголгон жок. Аялдар кеңешинин төрайымы жигиттердин көбү чет өлкөгө кеткендиктен кыз ала качкандарды сот жолу менен эмес, ыйман жолу менен тарбиялоого чакырды. (YA)

XS
SM
MD
LG