Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Аба ырайы: 19-20-апрель күндөрү Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлүүдө


19-20-апрель күндөрү Кыргызстандын дыйканчылык аймактарында -4...-9 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлүүдө.

Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 19-20-апрель күндөрү Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -2... -7 градуска чейин, Ысыккөлдө -3...-8 градуска чейин, Нарын жергесинде -4... -9 градуска чейин, ал эми Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында 0... -5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

19-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -2...-7, күндүз +8..+13 градус.
Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз +7...+12 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11..+16 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8 градус, күндүз +6...+11 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз +11...+13 градус болот.

XS
SM
MD
LG