Президенттик ишинен кетип аткан Орусиянын президенти Владимир Путин жакында партиясы парламентти шайлоодо жеңишке жетишкен Силвио Берлусконинин чакыруусу менен бейшембиде (17-апрелде) Италияга барган.
Бул Берлускони жеңишке жетишкенден кийинки алгачкы чет элдик саясатчы менен жолугушуусу.
-Сардинияга келип кет деген менин чакыруумду кабыл алып, Владимир Путин кичи пейилдик кылды. Эгерде биз Орусиядан 30 пайыз карамай менен көгүлтүр отун алып жагышыбызды көз алдыга келтирсек, анда Орусиянын мааниси биз үчүн абдан чоң - деди Берлускони маалымат жыйыны учурунда.
Орусиянын федералдык бажы кызматынын маалыматы боюнча Орусия менен Италиянын ортосундагы товардын жүгүрүүсү 2007-жылы 36 миллиард доллардык көлөмгө жеткен. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырганда 17 пайызга арткандыгын.
«Газета.ру» сайты The Financial Times басылмасына шилтеме берип жазганга караганда Путин менен Берлусконини ишкердик алака да байланыштырат. Ошол себептүү Берлусконинин партиясы шайлоодо жеңишке жетишип, өлкө жетекчилигине келери анык болгондо, конокко чакырган чет элдик биринчи лидер Путин болгон делинет.
Буга дейре ENI жана «Газпром» компаниялар ортосунда жетишилген келишим негизинде «Түштүк агым» аттуу куур аркылуу өтүүчү көгүлтүр отун менен карамай бир жеңи Италияга жеткирилиши мурдатан маалым.