Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ЭЛ ҮНҮ: СӨЗ ЭРКИНДИГИН САКТАЙЛЫ, КЫРГЫЗ ЖЕРИН САТПАЙЫЛЫ...


“Азаттыктын” ар жекшемби сайын чыгуучу “Эл үнү” уктуруусуна бул жолу кайрылгандар “эзелтен бери кыргызга таандык жерлер коңшу өлкөлөргө берилип” жатканына нааразы болушту. Андан тышкары сөз эркиндигине басым-кысым күчөп, бийликтин бардык бутактарында коррупция гүлдөп кеткенин айткандар болду.

Нарын облусундагы кабарчыбыз Күмөндөр Усуптегинге да жергиликтүү тургундар кайрылып, бир катар маселелер боюнча ой-пикирлерин билдиришкен. Маселен, Нарын районунун Жергетал айылынын тургуну Зарлык Сарпашев, Бакиевдин бийлигине нааразы экендигин, минтип отурса президент элди жери менен кошо сатып жибергенден кайра тартпасын айтып, бийлик төбөлдөрү абдан бузулганын билдирди.

Нарын шаарынын жашоочусу Шакен Абдышалиева дагы бийлик төбөлдөрүнүн азыркы жүргүзүп жаткан саясатына караманча каршы экендигин айтып, Каркыра жайлоосун, пансионаттарды, суу ресурстарын, электр тармагын сатып аткан бийликке, депутаттарга, өзгөчө президентке нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мугалими Айша Сопиева болсо, Билим берүү мыйзамы жана президенттин жарлыктары кагаз жүзүндө гана калып, айлыктар көтөрүлдү делгени менен иш жүзүндө андай болбой жатканын, кымбатчылык барган сайын желкеден басып жатканда айлык-акылар мурункудай эле аз бойдон турганын, эгер жакын арада бул маселе чечилбесе мугалимдер иш таштоолорго барышарын айтты.

Андан тышкары Нарындыктар “Азаттык” үналгысынын УТРКдан чыгуучу “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү акыркы жолу чыкпай калганын сөз эркиндигине карата кысым катары баалашып, тынчсызданууларын билдиришти. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин региондогу координатору Чынара Токтогулова болсо, бул жагдайды УТРКда маалымат берүү жаатындагы реформалар алга жылбай такалып калганы менен түшүндүрдү.


Ошондой эле “Азаттыкка” байланышка чыгып, “Эл үнүнө” ой-пикирлерин кошуп коюуну ылайык көргөн жарандар негизинен Каркыра жайлоосу, Ысыккөлдөгү пансионаттар, электр тармактарынын сатылышы маселесине карата көз караштарын билдиришти. Алардын дээрлик бардыгы жерлердин берилишине, стратегиялык объекттердин сатылышына каршы болушуп, бул багыттагы бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болушту. Буга нааразычылыктарын билдирген Кайнарбек Бийлебаев (Бишкек шаары), Жолдошбек Орозов (Бишкек шаары), Орунбай Сооронкулов (Сузак району), Айша Бектурганова (Бишкек шаары), Айбек Бектенов (Сокулук району), Рысбек (Арчабешик айылы), Үсөн Нооманбетов (Бакайата району) аттуу угармандарыбыз, коомчулукту мындайга жол бербөөгө чакырышты.

Андан тышкары “Эл үнүнө” Ысыккөлдөгү Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк.” компаниясына нааразычылыгын билдирген Барскоон айылынын айрым тургундары кайрылышты. Алар бул компания экологияны бузганы аз келгенсип, жергиликтүү элди бири-бири менен уруштуруп жатканын айтышты.

XS
SM
MD
LG