Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


15-апрелде, президент Курманбек Бакиев эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду кабыл алды. Мамлекет башчы залкар жазуучуну 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, мааракелик иш чаралар Кыргызстанда гана эмес, анын чыгармачылыгын баалаган дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзүнүн чыгармачылык пландары жөнүндө токтолуп, Ч.Айтматов азыркы учурда ал Европадан Кыргызстанга көчүп келүү менен алек болуп жатканын, бирок ошого карабастан, глобализацияга, анын адамзаттын өнүгүүсүнө тийгизген таасирине байланыштуу суроолорго жооп издөөгө байланышкан чыгарманы жаратуунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.



17-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Чоңко” маданий борбору “Куудул олтуруш” оюн-зоогун уюштурду. Ага баштаган бир катар куудулдар жана ырчылар катышты. Аталган борбордун жетекчиси Жаныбек Алыкулов билдиргендей бул күлкү кечеси улуттук телеканал аркылуу жалпы журтка көрсөтүлөт.

Нарын жергесинин тургундары бул аптада “Учур” телетеатрынын артистеринин оюндарына күбө болушту. Тактап айтканда артистер Нарын шаарында жана Атбашы өрөөнүндө болушуп, Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” комедиясын жана Иброгим Содиковдун “Апендинин беш аялы” спектаклин тартуулашты. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун айтуусунда эми чыгармачылык сапарын Ысыккөл дубанында улантышмакчы.

Узап бара жаткан аптада Орусиянын эл артисти, пианист Николай Петров тогузунчу “Музыкалык Кремль” фестивалын ачты. Анын 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чарага орус өнөрпоздору менен бирге француз, кытай музыканттары катышып, джаз жана классикалык музыкалардан тартуулашты. Ал эми Николай Петров израиль камералык оркестринин коштоосунда Моцарт, Элгар, Шенбергдин чыгармаларынан аткарды.

Бул жумада Сахалинде корей элинин улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өттү. Ага карата Корей Улуттук кийимдер ассоциациясынын дизайнерлери 180 үлгүдөгү улуттук кийимдерин алып келишкен. Анын кыркка жакыны Сахалиндеги облустук музейге белекке берилет деп билдирген делегацияны баштап барган Ли Чун мырза.

Бул жумада Нью-Йорктун чоң соода үйлөрүнүн биринде салтка айланган “Сотбис” аукциону өттү. Анда 19-20-кылымдардагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду. Алардын катарында Шишкин, Маковский, Рерих жана башка сүрөтчүлөр бар. Маалыматтарга караганда көп сандаган эмгектердин ичинен Айзовскийдин “Кеме жардамы” сүрөтү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.

Ушул жылдын июль айында Шанхайда белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун чыгармаларынан турган көргөзмө ачылат. Анда сүрөтчүнүн 1920-жылдардан тартып, 1970-жылдарга чейинки аралыкта тарткан эмгектери коюлат. Негизинен көрүүчүлөр Пикассонун үйбүлөсүнүн портреттерине жана анын жубайы Жаклиндин элеси чагылдырылган эмгектерге күбө болушат.

Келерки жумада Орусиядагы белгилүү “Чоң китеп” адабий сыйлыгынын талапкерлери жарыяланат. Сынактын уюштуруучулары кабарлагандай бул жолу 300дөн ашык чыгарма түшкөн. Анын 70 пайызын Орусиянын аймактарынын жана чет элдик калемгерлердин эмгектери түзөт. Сынактын лауреттары ноябрь айында аныкталат.

Сентябрь айында белгилүү ырчы Мадоннанын дүйнө өлкөлөрүнө болгон ыр турнеси башталат. Уюштуруучулар ага карата өзгөчөлөнгөн хореографиялык программа даярдоону ниеттенишүүдө. Ал эми ырчынын турнеси Лондондогу “Уэмбли” стадионунда аяктамакчы.
XS
SM
MD
LG