Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

ОРУС АСКЕР БАЗАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ МИЛИЦИЯ АТКАН ОКТОН ЖАРАДАР БОЛДУ


Жазгүл Жамангулова, Чүй 20-апрель түнү Кант шаарында Орусиянын аскердик аба базасы менен ИИМдин мамлекеттик авто инспекциянын кызматкерлеринин ортосунда ок атылган. Натыйжада Оруссиянын жараны Максим Зотовдун сол өпкөсүнө ок тийип, Ысыката аймактык ооруканасына келип түшкөн. Учурда окуяга байланыштуу тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМнин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, 20-апрелде түнкү саат 2:30 чамасында Бишкек шаарынын Жибек жолу жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Ариста» авто унаасы жол эрежесин бузандыктан, МАИ кызматкерлери токтотууга мажбур болушкан. Бирок аталган автоунаа токтобостон Кант шаарын көздөй бет алган, ошол замат кийинки бекетке кабар берилип, “Тойота Ариста” авто унаасы Кант шаарынын Дзержинск көчөсүнөн токтотулган.

Кармалган авто унаадагылардын экөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны болгон. Бул туурасында ИИМнин басма сөз кызматынан Олжобай Казабаев "Азаттыкка" билдирди:

- Кармалган унаанын ичиндегилердин бирөө - Максим Зотов милиция кызматкерлерине катуу каршылык көрсөткөн. Ошол себептүү МАИ кызматкерлери эскертүү ирээтинде асманга беш ирээт ок атышкан. Бирок ага да болбой каршылык көрсөтүлүп, кармаш улана берген. Ошол аралыкта күтүүсүз ок атылып М. Зотовдун сол өпкөсүнө ок тийген. МАИ кызматкерлери М. Зотовду Ысыката аймактык ооруканага жеткиришкен.

Тагыраак айтканда атылган октон жараат алган Канттагы Орусиянын аскердик базасынын каржы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Максим Зотовго учурда Улуттук хирургиялык борбордо операция жасалды. Ал эми бул окуяга байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Милиция кызматкерлери эч кандай суроо-сопкутсуз, ким экендигин күбөлөндүргөн расмий документин көргөзбөстөн орусиялык аскер кызматкерлерин автоунаадан күч менен алып чыгышып, жерге көмкөрөсүнөн жаткырышкан. Орусиялык аскерлер токмоктолуп жатканда милиция кызматкерлеринин бири жерде жаткан орусиялыктарга карай бир нече ирет ок чыгарган. Натыйжада авиабазанын офицери оор жаракат алган.

Ал эми мындай окуянын биринчи ирээт катталып жатканын белгилеген ИИМнин басма сөз кызматы иликтөө учурунда кармалган машинадан спирт ичимдиги табылганы туурасында да билдирүүдө.

- Иликтөө учурунда кармалган орусиялыктардын автоунаасынан бир бөтөлкө пиво жана тамекинин калдыктары табылган, өздөрү болсо мас абалында болушкан.

Кармалган авто унаанын арткы номуру жок болгон жана ал башка бирөөгө тиешелүү экени аныкталган. Учурда бул ишке байланыштуу ИИМнин тергөө башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат.

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко иштин айкын иликтенип, тергелишине байланыштуу Тышкы иштер министрлигине кайрылуу даярдалып жатканы туурасында кабарлады.

ИИМдин орун басары Темиркан Субанов «Азаттыкка» берген маегинде «Орусиянын үч жаранына кол салуу болгон деген маалымат бир жактуу жана чындыкка сыйбаган көрүнүштө таркатылып кеткен», - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG