Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

БЭЭЖИНГЕ АЗИЯНЫН ТӨРТ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ ТАТЬЯНА ЕФИМЕНКО БАРАТ


Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык спортчулар учурда 11 жолдомо жеңип алган болсо, учурда алардын экөө жеңил атлетчилер. Экөөнүн бири жеңил атлетика боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, 14-Азия оюндарынын чемпиону, Бээжин олимпиадасынын жолдомо ээси Татьяна Ефименко.

Азия оюндарынын тарыхында кыргызстандык спорт күйөрмандарды сүйүнтүп, 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында 14-Азиянын чемпиону аталып, алгачкы алтын медалды уткан Татьяна Ефименко болгон. Ал көп жылдан бери эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргоп, мөрөй алып жүрөт. Былтыр да Азия чемпиондугун төртүнчү ирет утуп, алтын медаль тагынган. Ошондой эле Татьянага Бээжин олимпиадасына жолдомо да ыйгарылган.

Жеңил атлетика боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, алдыңкы орунга жетүү экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, “Учурда Ысыккөлдө машыгууда болуп келдим. Бээжин олимпиадасына мыкты даярдык көрүү үчүн Европа өлкөлөрүндө машыгууларды өткөрүү зарыл. Негизги максатым Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, байгелүү орунга жетүү”, - деп айтты Татьяна Ефименко.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган Татьяна Ефименконун даярдыгы үчүн федерация жетекчилиги бардык шартты түзүп берүүгө аракет кылууда. Бирок Таня байгелүү орунга илинбесе да дүйнөдөгү он мыкты спортчунун катарына кошулууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

- Айрыкча жеңил атлетика боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименконун баш байгеге талапкерлердин бири болушу кыйын. Себеби Бээжин олимпиадасына дүйнөнүн “мен мыктымын” деген спортчулары мөрөй талашып, күч сынашат. Алар менен Танянын таймашууга чамасы жетээри күмөн. Ошондой болсо да Бээжинге даярдык көрүүсү үчүн мамлекетик агенттик менен бирге Таняга бардык шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.

Татьяна Ефименко 2006- жылы Дохада өткөн 15-Азия оюндарындагы бийиктикке секирүүдөгү таймашууда мурдакы чемпиондук наамын колдон чыгарып, финалга чейин жетип күмүш байгелүү болуу менен Азиянын мыкты спортчусу экенин далилдеген.

Бийиктикке секирүүчү Таня 1981- жылы 2-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал жеңил атлетикага чейин да спорттун башка түрлөрүндө машыгып жүргөн. Мисалы гимнастика, волейбол жана башкалар менен алектенген. Жыйынтыгында жеңил атлетикага келип токтолду. Таня эки бир туугандын улуусу. Эжесинин жолун жолдоп иниси Александр да женил атлетика менен машыгып, бийиктикке секирүү боюнча жаштар арасында өлкө чемпиону болгон. Алар ата- энеси менен бирге Бишкек шаарында жашайт. Таня болсо Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде психология адистиги боюнча билим алууда.

Таня 27 жашта. Баралына келип, балтыр эти толуп, чеберчилиги артып турган убагы. Он бир жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, тандалма команданын катарында жүрөт. Анын жеңил атлетикага алып келген алгачкы устаты Алимжан Юлдашев. Ал эми учурдагы машыктыруучусу СССРдин спортуна эмгек чебер, бийиктикке секирүү боюнча дүйнөнүн экс-рекордчусу Игорь Паклин. Татьянанын эң биринчи сыйлыгы - 1998-жылы өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш байге болгон.

Ал эки жолу жаштар арасында Азия чемпиону болгон. Ушул эле Азия чемпионатында төрт жолу чоңдор арасында жеңип, алтынды тагынган. Мындан сырткары Азия биринчилигинде күмүш, коло медалдарды бир нече ирет утуп алган. Анын жеке рекорду - 1 метр 97 сантиметр бийиктикти багындырган. Ошондой эле Татьяна Ефименко жакында эле Катарды Доха шаарында өткөн жабык имараттагы Азия чемпионатында баш байгени утуп, Азиянын дагы бир алтын медалын тагынган.

-Мындан мурда эки жолу Сидней жана Афина олимпиада оюндарына катыштым. Ошентсе да спорт агенттиги мага секирүүчү чуңкур алып бере элек. Алып беребиз деп алар көп жылдан бери эле убада берип келе жатышат. Бирок азырынча көрө элекмин. Учурда буга чейин алган жаратымдын айынан толук кандуу машыга албай жатам. Дарылоо үчүн дарыгерлер диагноз коё албай жатышат. Бул бизде спорттук дарыгерлердин жоктугу менен да байланыштуу болуп жатат. Бээжинде мыкты ийгиликке жетүү үчүн Европа өлкөлөрүнө барып машыгуу керек, - деп айтты Татьяна Ефименко.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде кыргызстандык спортчулардын чыныгы жүзүн, чама-чаркын быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарда көрсөтөт. Анын айтымында, Татьянага жакшылап машыгуусу үчүн шарт түзүп бере албай, секирүүчү чуңкур жабдуусун алып берише элек. “Учурда Таня Ысыккөлдө машыгууларды өткөрүп, даярданып жатат”, - деп билдирди Касымкул Оболбеков.

- Ошондой эле Бээжинде бийиктикке секирүүчү кызыбыз Таня баш байгеге талапкерлердин бири болушу кыйын. Себеби анын атаандаштары абдан күчтүү. Орусиялык кыздар 2 метрден ашык секирип жүрүшөт. Биздин спорт жетекчилердин дагы күнөөсү бар, себеби ага убада кылган секирүүчү чуңкур сатып бере албай жүрөбүз. Быйыл акча каражат бөлүнгөн, бирок материалдык резерв кору алып келбей кечиктирип жатат. Ошентсе да Таня максатына жетүүгө дилгир өжөр жана мээнеткеч жеңил атлетчи. Балким мыктылардын сабына кошулуп калуусуна үмүт кылса да болот.

Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга бурулуп турган мезгили. Бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко учурда Ысыккөлдө Бээжин олимпиадасына даярдык көрүп машыгуусун өткөрүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG