Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

ДИКТАТОРЛОРГО ДА ТАМАК-АШ КААТЧЫЛЫГЫНЫН КАПШАБЫ ТИЙИШИ МҮМКҮН


Экономикалык каатчылык адатта диктаторлор менен автократтардын да тагдырына кесирин тийгизген. Бирок бул көрүнүш соңку жарым кылым ичинде Египетте анчейин байкалган эмес эле. Эми кырдаал, кыязы, өзгөрө баштаган шекилди. Муну мисир жериндеги ушул айдын башталышындагы тополоң ырастады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жекшемби күнү эле: “Эгер азыркы азык-түлүк кризиси жөнгө салынбаса, ал башка да көптөгөн кризистерди чыгарышы мүмкүн, проблеманы ого бетер татаалдатып, экономикалык өсүшкө, социалдык прогресске, атүгүл дүйнөдөгү саясий коопсуздукка да кесепетин тийгизиши ыктымал”, - деп эскерткен эле.

Баш катчынын бул капыя каңкуусу автократтар менен диктаторлорго да эскертүү болгонсуду. Өзгөчө Египетте президент Хосни Мубарактын быйылкы маараке жылындагы маанайын бузганга жараган жагдай түзүлдү.

Мисир жеринде соңку жарым кылым ичинде азык-түлүк менен эркиндик ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экени дээрлик байкалган эмес. Жан башына алып эсептегенде нан азыктарын Францияга караганда алда канча арбын керектеген мисирликтер 1977-жылы Анвар Садат айыл чарбасын казынанын эсебинен каржылоону кыскартууну чечкенде гана бир ирет жапырт козголуп,анын арты кандуу кагылыш менен бүткөн. Ошондон бери калкты нан азыктары менен камсыздоого каражат ажыратууда эч кандай өксүктөр болгон эмес. Акыркы отуз жыл ичинде бул тармакта эркин рынок да өнүктү.

Деген менен өткөн айларда дүйнөдө азык-түлүк баалары асмандап кетип,анын капшабы Египетте дароо сезилди. Дүкөндөрдө арзан тамак-аш, айрыкча нан азыктары жылан сыйпап кеткенден бетер бир күндө калбай калды. Соодагерлер сатыкка чыгарган жупка, каламанын баасын 48 процентке көтөрүп салышты.

Көп өтпөй Махалла ал-Кубра шаарында массалык тополоң тутанды. Жергиликтүү кездеме фабрикасында иштеген жумушчулар эки күн бою демонстрацияга чыгып, мектептерди, дүкөндөрдү талкалашты, президент Мубарактын көчөлөргө илинген портреттерин өрттөштү. Полиция менен кагылышта бери дегенде эки киши набыт болду, 150 адам кармалды.

Мубарак шаарга өкмөт өкүлдөрүн жөнөттү, жумушчулардын айлык акыларын көтөрүп, кошумча башка да жеңилдиктерди түзө турган болду. Армияга нан жаап, калктын муктаждыгын камсыз кылууга буйрук берилди.

Бирок бул чаралар жалпы кризисти ооздуктап калганга жарары күмөн. Жагдайдан пайдаланып, Египетте жаңы эле түптөлүп келаткан демократиялык активисттер өлкөдөгү жумушчулар менен орто таптын өкүлдөрүн жалпы улуттук акцияларга чакыра башташты.

Айлык акыларды жогорулатуудан тышкары жумушчулар өкмөткө саясий маанидеги шарттарды, алардын ичинде сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу, полициянын укуктарын чектөө талаптарын койо баштады. Активисттер үгүт иштеринде чөнтөк телефондорун, интернетти пайдаланып жатышат. Демонстрацияга чыкканга ыкыласын билдиргендер саны улам көбөйүп баратат.

Быйыл 4-майда президент Мубарак туптуура сексенге толмокчу. Жалпы улуттук кезектеги иш таштоо дал ушул күнгө белгиленген. Мунун өзү Мубарактын көңүлүн чөктүрбөсө, көтөрбөйт болуу керек.

XS
SM
MD
LG