Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

ҮЛҮШСҮЗДӨРДҮН АРЫЗ-АРМАНЫН УГААР ЖАН БАРБЫ?...


Сузак районундагы бир нече жарандар эки жылдан бери адилеттик издеп жүрүшөт. Алар бул аралыкта айыл өкмөттөн тартып, архитектура, прокуратура, Жалалабат шаар жана облустук бийликтерге кайрылышкан. Бирок аткаруу бийликтери жыйынтык чыгарышпаган. (Алардын арасында 2-топтогу майып аял да бар. Аргасы түгөнгөндө «Азаттыктын» облустагы кабарчысына кайрылышкан). Жарандардын мыйзамдуу жер үлүштөрүн шаар бийлиги турак-жай үчүн кезекте тургандарга бөлүштүрүп салган. Натыйжада кымбатчылык маалында жер иштетип жан баккан элеттиктер ал шыбагасынан да куру калган.Облустук бийлик укугу бузулган жарандардын арыздары изилдөө үстүндө экендигин билдирди.

Райондун Ташбулак айыл өкмөтүнүн бир нече жашоочусу адилеттикти эки жылдан бери издешүүдө. Анткени өкмөттүн токтому менен 27 гектар аянт Жалалабат шаарына өткөрүлгөндө, шаар бийлиги алардын мыйзамдуу жер үлүштөрүн турак-жай үчүн кезекте тургандарга бөлүп берген. 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген Рахима Аккозуеванын айтымында, алар бир жарым жылдан бери айыл өкмөттөн тартып, шаар жана облустук бийликтерге улам-улам кайрыла беришип, аргалары түгөндү.

Архитектура, прокуратура, экономикалык маселелер боюнча сотто да болушкан. Сот арыздарын кабыл албай койгон. Натыйжада салыгын убагында төлөгөн жер ээлери быйыл да эгин эге албай, үлүштөрүнөн куру калып, кымбатчылык маалда үй-бүлөсүн кантип багаарын билбей турушат. “Шаардын токтому менен биздин жерди алган кырктан ашык киши а жерге шагыл төгүп, үйлөрүнүн жерпайын куюууда. Арызыбызды ким угуп, жерибизди ким кайтарып берет?” - деп суроо койду көп бүлөлүү Рахима Аккозуева.

- Азыркы күндө обладминистрацияга үчүнчү жолу кайрылып жатам. Жеримдин тагдыры ушул күнгө чейин чечилбей келет. Ар кимге кайрылабыз жыйынтык жок. Жерибизди бөлүп жиберди шаар өткөрүп алып. Мыйзамсыз, матералдык жактан да, моралдык жактан да биздин укугубузду тебелеп жатат. Жерибизди ким кайтарып берет.

Өкмөттүк кызматтардын маселе чечпегенине анын айылдашы Аймира Жумаева да нааразы.

- Биз ошол шал менен жан бакчыбыз. Эки жылдан бери шал эгилбей үй-бүлөөбүздү бага албай калдык.

Онго жакын бала-неберелерин үлүш жерине күрүч айдап багып келаткан ардагер Астанакун Шакиров жерин кайтаруу, болбосо ага теңдеш башка жер берүүнү талап кылууда. Жумушсуздук менен жашоонун айынан Бүбүайша Маматованын үч баласы Орусияда иштеп жүрүшөт. Жер үлүшүнөн ажырагандан бери аны үйдө калган балдарын багуунун амалы курутууда.

Маматованын белгилешинче “Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылууга тийиш” деген президенттин сөзү ишке ашпай, маселе чечүүнү тармактык кызматтар бири-бирине шылташууда.

- Эгин эгип, аны сатып бала бакырабызды багып келгенбиз. Жерибизди кайтарып алыш үчүн канчалаган убараларды тарттык. Канчалаган жерлерге кайрылдык. Эки жылдан бери аракет кылып чуркан жүрөбүз, бирок бир тыянак жок. Бакиев “бийлик эл үчүн кызмат кылат” деп айткан. Тигиге бар, буга бар деп топ сыяктуу түрткүлөп жатышат. Каякка барышыбызды да билбей калдык,- дейт Бүбүайша Маматова.

Облбийликтин укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлүмдү башчысы Кадырбек Бечелов акыйкаттык орнооруна ишеничин билдирди. Анын айтымында арыздарында кемчилик бар үчүн сот доогерлердин доосун кабыл албаган. Жер шаарга өткөрүлөөрдо тармактык кызматтар жер ээлеринин кызыкчылыгын эске алган эмес. Сот чечим чыгарса, Ташбулак айыл өкмөтү арыз ээлерине улуттук кордогу жерден үлүш бөлүп берүүнү караштыраарын айтты.

- Доо арыздар да туура эмес түзүлгөн окшойт. Сот тармагы арыздарды кабыл ала турган болду. Мэриянын өкүлчүлүктөрү менен сүйлөштүк. Ташбулак айылынын өкүлчүлүктөрү менен да сүйлөштүк. Үй куруп жаткан адамдарда дагы, бул тараптагы адамдарда дагы күнөө жок. 1998-жылы шаардын картасын чийип жатканда ошол коммиссия караш керек. Ошол кездеги Ташбулак айылынын башчылыры бул боюнча кызыгыш керек болчу. Себеби үлүшү бар адамдар бар эле да. Ижарасын төлөп жаткандардын укугун коргош керек болчу. Сот болсо кудай буюрса акыйкаттык болот. Себеби, булар да өзүнө тиешелүү жерди алыш керек,- деди Бечелов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG