Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

АСТМА ООРУСУ ЖАРДЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ КӨБӨЙҮҮДӨ


Астма Батыш өлкөлөрүндө көп кездешкен оору деп эсептелет. Бирок дарыгерлер бул оору орто бай жана жарды өлкөлөрдө да көбөйүп баратканын айтып жатышат. Медицина боюнча Жаңы Англия журналында жакында жарык көргөн макалага ылайык, бүгүн айыл жеринде жашаган балдар да астмага чалдыккан учурлар кездешүүдө.

Доктор Ева Мантзуранис Грециянын Крит аралында эмгектенет. Ал жакында тоолуу кыштакта бодо мал фермасында жашаган Михаил деген төрт жаштагы бала тууралуу жазды. Медициналык көз караштан алганда, мындай айыл жеринде жашоо жаш балдарды астмадан сактоонун эң мыкты жолу деп саналат:

– Анткени, - дейт Мантсоуранис, - адам баласы канчалык жупуну жашаса, канчалык Батыштын жашоо образынан алыс болсо, астмага ошончолук аз учурай тургандыгы тууралуу көп изилдөөлөр жарык көргөн.

Михаилдин астма менен ооруп калышына эки нерсе түрткү болгон: анын атасы тамеки чегип баштаган жана үйдү жылытуу үчүн зайтун данегин жакканга өтүшкөн. Негизи үй жылытуу үчүн отун же саман жагып, бир эле мезгилде тамеки чеккенде үйдүн ичиндеги аба жарды өлкөлөрдө бай өлкөлөрдөгүдөн беш эсе булганч болоору аныкталган.

Бүгүнкү күндө Австралияда, Түндүк жана Түштүк Америкада астма айрыкча көп кездешет. Бирок башка аймактарда да айрым өлкөлөр аларды кууп жеткени калды. Мисалы, 2004-жылдагы эсеп боюнча, Украинада калктын 8 пайызы астма менен ооруйт, ал эми Иранда бул дарттан ар 20дан бири жапа чегет.

Дүйнөлүк Саламаттык уюмуна ылайык, астма менен ооругандардын саны 2025-жылга чейин үчтөн бирине өсмөкчү. Бул өсүшкө биринчи кезекте жарды өлкөлөрдө Батыштагыдай жана шаардагыдай жашоо стилинин жайылышы түрткү болот.

Мантзуранистин көз карашында, бүгүн да астма менен ооругандардын көбү диагноздолбой калат. Жаш балдардын астмасын көп учурда бронхит деп ойлошот.

Бирок ата-энелер менен дарыгерлер астманы айрым белгилерден байкай алышат. Мисалы, ай сайын кеминде 2 жолу сасык тумоолоп калган балдар чындыгында астма менен ооруган болушу мүмкүн. Мантзуранистин сөзү боюнча, астманы балдар чуркаганда деми аябай кысылгандан да билсе болот.

Астма аныкталган күндө да, дарыга акча табуу маселеси пайда болушу мүмкүн. Критте жашаган 4 жаштагы Михаилди мисалы ата-энеси окууга деп чогулткан акчага даарылатып жатышат.

Жакшы жагы балдар торолгондо астманы "жеңип" кетишет. Бирок эгер айлана-чөйрө шарты кайра начарласа, астма кайтып келиши мүмкүн. Мантзуранис аскер жашындагы балдардын арасында астманын кайра козголгонуна күбө болгон.

XS
SM
MD
LG