Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУДАН НАРААЗЫЛЫК ЧЫКТЫ


Жогорку Кеңеште Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына автобизнес ишкерлери нааразы. Адам укуктарын басмырлаган мындай мыйзам боюнча өкмөт чечим кабыл алса оң рулдуу автоунаалар кошуну нааразычылыгын билдирүүгө ниет кылышууда.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралып, аны эл өкүлдөрү колдоп беришкен. Эгерде бул маселе боюнча өкмөт токтом чыгарса, быйыл 1-июлдан тартып мыйзам күчүнө кирет.

Учурда оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзамдар Тажикстанда, Казакстанда, Өзбекстанда кабыл алынган. Мыйзам долбоордун демилгечиси, Жогорку кеңештин депутаты Улукбек Ормоновдун автобизнеси бар. Ошондуктан анын кызыкчылыгы менен мыйзам иштелип чыккан деген пикирлерге парламент депутаты Улугбек Ормонов “Азаттыктын” кабарчысына мындай деп жооп берди.

- Менин жана жакын туугандарымдын авто бизнеси жоктугун ачык айта алам. Биринчи кезекте элдин коопсуздугун эске алуу менен бул мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Себеби бизге коңшулаш өлкөлөрдө оң рулдуу унааларды алып келүүгө эбак тыйуу салынган. Ошондуктан алардагы эски унаалардын бардыгы Кыргызстанга келүү коркунучу бар жана жол кырсыктарынын көбүнө ушул оң рулдуу унаалардын айдоочулары себепкер болушууда. Муну быйылкы жылдын үч айынын жыйынтыктары боюнча жол кырсыктарын кайсыл унаалардан арбын болгонун талдоого алганда оң рулдуулардан көп болгону аныкталды. Бишкектен Токмок шаарына чейинки жолдун жээги оң рулдуу унааларды саткан базарга айланды. Негизинен чет өлкөлүктөр, пакистандыктар ушул он рулдуу унааларды сатып, бизнес кылышат экен. Мурдакы кабыл алынган мыйзамда оң рулдуу унааларды сатып алган атуулдардын укугу басмырланган болчу. Биз аны алып салдык. Эми мурда сатып алгандар унаасын акырына чейин пайдаланса болот. Биз мыйзамды кабыл алып, өкмөткө сунуш гана киргиздик.

Мурдакы үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 2010-жылдан баштап оң рулдуу автоунааны колдонууга тыюу салуу мыйзамы кабыл алынган. Бирок ага өлкө президенти кол койбой, кайра алымча- кошумчаларды киргизүүнү сунуштаган. Анда дагы оң рулдуу айдоочулардын кошуну нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Бишкек шаардык МАИсинин жетекчиси Токтосун Сатаровдун айтымында, оң рулдуу унааны сатып алган жарандардын күнөөсү жок, ошондуктан буга чейин сатып алган автоунаасын толук колдонууга мүмкүнчүлүк берилет. Анын пикиринде оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын жолдо жүрүү шартына ылайык эмес:

- Жол кырсыгынын көбөйүшүнөн, андан тышкары биздин коңшу мамлекет-тердин бардыгы тыюу салгандыктан бүт ошол жактагы эски унаалардын бизге агылып келишинен болуп жатат. Негизгиси -Кыргызстан элинин коопсуздугу, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо.Себеби бул оң рулдуу автоунаалардын фарасы, жарыгы дагы башкача күйөт, жолдо жүргөндө алдыдагы унааны кууп өтөм дегенде толук карама-каршы тарапка чыга түшөт.Ошондой эле бурулганда, такси катары тейлөө учурунда кардарды түшүрүүдө, чыгарууда абдан кооптуу жагдай алып келет. Ушул жактары гана эске алынган. Бул чечимди туура деп эсептейм. Себеби бул унаалар биздин шартка, жол эрежелерине ылайык эмес.

Бүгүнкү күндө МАИнин маалыматы боюнча өлкө аймагына жети миңден ашуун оң рулдуу автоунаа кирген.

Оң рулдуу унаалар менен бизнес кылган жеке ишкер Ашымбек Искеновдун пикиринде техникалык жактан коопсуз, өтө ыңгайлуу оң рулдуу унааларды жактырган жарандардын укуктары чектелип, ишкерлерге бут тосулду.

- Жаңы оң рулдуу автоунаалар жолдо жүрүүгө абдан ыңгайлуу, аларда коопсуздук жаздыкчалары да бар. Парламентте бул мыйзамдык кабыл алынышы - атаандаштыктан келип чыккан шылтоо гана. Бул мыйзам күчүнө кире элек. Анан дагы жаңы автоунаалар 1-июлдан баштап кирбесин деген гана сунуш. Өкмөткө сунуш гана берилди, эми алар кандай чечим кабыл алышат, ошого жараша биз дагы өз пикирлерибизди билдиребиз. Биз эптеп оокат кылып жүрсөк, жарга такап, укугубузду чектегендик.

Бишкектик айдоочу Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде оң рулдуу унааны кайра сол тарапка которуп, кайра жасоо көп каражатты талап кылат жана чоң түйшүктү жаратат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG