Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

БҮГҮН ДҮЙНӨДӨ ЖЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ


Бүгүн - 22-апрель дүйнөдө Жер күнү катары белгиленет. Быйыл Жер күнүнүн башкы темасы – климаттын өзгөрүшү. Табиятты коргоочулар болсо бул күндү айлана –чөйрөнүн көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун, бийликтердин көңүлүн буруунун дагы бир чоң мүмкүнчүлүгү катары карашат.

Эгер тарыхка кайрылсак Жер күнүн белгилөө жөрөлгөсү 1970-жылдын 22-апрелинде Кошмо Штаттардан башталган. Бул күндү белгилөөнүн демилгечиси жана негиздөөчүсү - америкалык коомдук ишмер, саясатчы, сенатор Гейлорд Нельсон. 1970-жылы Жер күнүн белгилөө идеясын ал саясий жетекчиликти ойготуу, айлана-чөйрөнү коргоону улуттук масштабдагы маселеге айлантуу максатында көтөргөн экен.

Бул жылдын 22-апрелинде Жер энеге берилгендигин көргөзүү, таза жана туруктуу айлана–чөйрө үчүн багытталган түрдүү иш-чараларга: көчө демонстрацияларына, лекцияларга, театралдык оюн-зоокторго 20 миллиондой америкалыктар катышкан.

Мындай кыймыл өз кезегинде Кошмо Штаттарда Айлана–чөйрөнү коргоо боюнча атайын агенттиктин түзүлүшүнө, Конгресс тарабынан экология боюнча негизги укуктук документтердин кабыл алынышына алып барган эле. Ал эми андан кийинки жыйырма жылдын аралыгында Жер күнүн белгилөө жөрөлгөсү глобалдык деңгээлге чыгып, маселен 1990-жылкы иш-чараларга дүйнөнүн 141 өлкөсүнөн 200 миллиондой адам катышкан. Ошондой эле 1992-жылы Рио де Жанейро шаарында Улуттар уюмунун Жер саммитин өткөрүшүнө өбөлгө берген болчу.

Ракел Гарсиа ( Raquel Garcia) баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан, Earth Day Network деп аталган бейөкмөттүк уюмунун тышкы байланыштар боюнча мененджери. Анын айтымында, бул бирикме дүйнөнүн 174 өлкөсүндө 17 миңдей өнөктөш уюмдар жана жеке атуулдар менен иштешет. Ал биз менен болгон маегинде быйыл 39-ирээт белгиленип жаткан Жер күнүнүн мааниси тууралуу буларга токтолду:

-Бүткүл дүйнө белгилөөчү Жер күнүнүн мааниси баарыбызга таасири бар айлана-чөйрө маселелери боюнча маалымат, илим-билим алууну күчөтүү. Быйылкы Жер күнүндө биз климаттын өзгөрүшүнө көңүл бурабыз. Глобалдык жылуулук, аны кесепеттери жана көйгөйдү чечүүнүн жолдору жөнүндө сөз кылабыз.

Earth Day Network бейөкмөттүк уюмунун маалыматына караганда, быйылкы Жер күнүндөгү иш–чаралар мурдагыдан масштабдуу өтөөрү күтүлүүдө. Аталган бирикменин тышкы байланыштар боюнча менеджери Ракел Гарсиа (Raquel Garcia) биз менен маегинде буларды кошумчалады:

-Дүйнө түрдүү өлкөлөрдөн, калктар менен маданияттардан тургандыктан ар түрдүү жолдор менен белгиленген жатат. Көптөгөн адамдар айлана-чөйрөнү тазалоо өңдүү жергиликтүү иш-чараларга катышат. Балким, шаар бийликтеринен, улуттук парламенттерден климаттын өзгөрүшүнө каршы саясий чараларды көрүү талабы менен жүрүштөр өткөрүлөт. Мектептерде балдардын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билимин арттыруу максатында сабактар уюштурулат. Жер күнүн белгилөөнүн миңдеген түрдүү жолдору бар. Эң маанилүүсү биз баарыбыз бир нерсе жасап жатканыбыз.

Earth Day Network уюмунун эсебинде, былтыр Кошмо Штаттардан башка өлкөлөрдө алардын өнөктөштөрү айлана-чөйрөнү коргоо багытында 10 миңдей иш чара өткөргөн. Адатта бүгүнкү Жер күнүнө арналган иш чаралар 22-апрелде эле эмес, андан кийин да уюштурулуп турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG