Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

“АКЫЛ ОРДО”: КИМ ЭЛДЕН КАЧСА, АРКАСЫ ЖАКШЫ МЕНЕН БҮТПӨЙТ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек “Акыл Ордо” кеңешинин алдыга койгон пландары, Ысыккөлдөн Бишкекке карай жөө жүрүштүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CE5B167B-EE52-4A85-A175-15C0FF8A972B.asp себеби тууралуу аталган кеңештин аткаруучу деректири Таалайбек Абдылдаев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Таалайбек мырза, өткөн аптада Ысыккөлдө “Акыл ордо” кеңеши болуп өттү. Мына ошол жыйындын чоо-жайына токтолуп, кандай чечим кабыл алганын айтсаңыз.

-Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде “Акыл ордо” кеңеши Каракол шаарында өзүнүн үчүнчү отурумун өткөрдү. Жыйын бир гана маселени карады: Каркыра жайлоосунун, Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга белектениши, анын кесепеттери, эл-жер тагдырын чечүүдө коомчулуктун орду.

Жыйынга Каркыраны, төрт пансионатты берүүдө демилгечи болушкан бир катар мамлекеттик чиновниктер, депутаттар чакырылган. Маселен, Аламанов, Турдумамбетов, Мамытов, Жапар Садыров, Жангороз Каниметов, Дүйшенбек Кыдыров, Иманалиев, Исабеков сыяктуу көлдүк депутаттардын бардыгы чакырылган. Максаты - Каркыраны, пансионаттарды берүү жаатында булардын өз ооздорунан, бир чети жердештерибиздин жоопторун коомчулук уксун дегенбиз. Мындай аракет “Акыл ордонун” тикелей аткара турган иштерине кирет. Анткени “Акыл ордо” кеңеши бийлик менен элдин ортосундагы ажрымыды жоюуну, бирдей бүтүндүктө маселени чечип, максаттуу иш алып барууну көздөйт.

Көлдүн абройлуу, беделдүү бир катар адамдары чогулуп, бул мырзаларды жыйында күттүк. Бирок кечээ эле “Элим, силер өлсөңөр кошо өлөбүз, силердин бизге айткан талабыңар мыйзам, биз силер мененбиз” деп жанталашып добуш сурап жүргөн депутаттар баштап, чиновниктердин бирөө дагы басып келишкен жок. Бул саамда бийлик элден окчун, эзелим элге кошула албаган орган экенин далидешти. Болбосо алар Каркыра, эс алуу үйлөрүн берилишинде жүздөрү жарык эмес. Эл алдында кара бет. Ошон үчүн келе алышкан жок.

Ал эми белгилеп кете турган жагдай жергиликтүү бийлик, обладминистрация, анын ичинде губернатор Исаев Кыдыкбектин ийкемдүү, элге жакындоо аракети бар. Бирок жогору жактагылар аларды кысмактап, элге жолобогула деген көрсөтмө берип жаткандай. Ким элден оолактаса, ким элден качса, аркасы жакшы бүтпөйт, аны тарых көрсөткөн.

-Таалайбек мырза, мына “Акыл ордо” кенешинин Түп жергесинен Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгуу жана “Ыйык Ата Журтту коргоо” коомун түзүү демилгесин “Акыйкат үчүн” кыймылы колдоого албадыбы. Ошол жөө жүрүш кандай шартта өткөрүлөт? Ага канча адам катышуусу болжолдонууда?

-Бүгүн көл жергесинде Какыра жайлоосуна, пансионаттардын берилишине жана бир катар көлдө тынч эмес мезгилдер болуп жатат. Ошого карата элде нааразычылык чоң. Анан бул “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети жөө жүрүштү уюштурабыз деп кечээ биз менен байланышкан. “Акыл ордо” биз менен болобу?” - деп. Бирок “Акыл ордонун” түпкү максаты митинг, жыйындарды уюштуруу эмес. Али да болсо “Акыл ордо” кичине бийликтегилер эсине келеби, деген үмүттөр бар.

Эми биздин миңдеген, жүздөгөн күйөрмандарыбыз, 630дан ашык өзүбүздүн атайын туруктуу иштеп жаткан мүчөлөрүбүз бар. Биз эми коллегиалдуу жыйын кылып, бүгүн мен Караколго аттанам, ошол коллегиалдуу чечим кылып, биз бул чечимге кошулабызбы, кошулбайбызбы деп айтабыз. Бирок бул жүрүштү мен ойлойм көл жергесинде колдоо бийик болот, көп адамдар катышат деп ойлойм.

-Таалайбек мырза, Ысыккөлдүн түндүгүндөгү Тамга айылынын тургундары Коргоо министрлигинин эс алуу жайындагы абалга нааразылыгын билдирип атышат. Бул эмнеден чыгыптыр? Ушул боюнча кабарыңыз барбы?

-Кабарым бар. Биз 17-апрелде “Акыл ордонун” отурумун өткөрүп жатканда, бизге Тамга айылынын өкүлдөрү келип катышты. Алар негизинен өзүнүн жетекчисине нааразы. Ал жетекчи түштүк жактан келген адам экен жана ошол жерде туруктуу 10-15 жылдан бери жашап аткан адамдарды иштеринен, кызматынан бошотуп, үйлөрдү бошоткула дегенге чейин барган.

Ал эми бул жактан болсо “Скорпион” деген куралдуу аскер бөлүкчөлөрдү ал адамдарды зордук менен өз үйлөрүнөн кубалап чыгууга аракеттенишкен. Алар бир талап койду – биздин жергебизден куралдуу аскерлер чыгып кетсин жана пансионаттын жетекчилиги алмашылсын. Эгерде бул чечимибизди кабыл албаса, анда биз дагы радикалдуу мүнөздөгү жүрүштөргө барабыз дешти.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG