Жогорку кызматтагы адамдарды иштен алуу Түркмөнстан үчүн көнүмүш адатка айланганы менен бул жолу жумуштан четтетилген бардык адамдар каржы тармагы менен байланышы барлар.
Бердимухаммедов экономикалык реформаларды приоритеттүү багыт катары эсептеп, мурдагы президент Сапармурат Ниязовго тийиштүү чет элдик жана мамлекеттик банктардын эсептерин кылдаттык менен текшерүүдө.
Бир нече айдан бери түркмөн президенти экономика жана каржы министрлерин чет өлкөлүк инвестицияларды колдоого жана жергиликтүү бааларды бир калыпта кармоого үндөп келген. Бирок тапшырылган иштердин көпчүлүгү аткарылбай, ал эми айрымдары такыр баштала элеги аныкталды.
14-апрелде өткөн өкмөт жыйынында Бердимухаммедов Түркмөнстандын Улуттук банкынын жана анын жетекчиси Гелдымурад Абиловдун (Geldymurad Abilov) ишине канааттанбаганын билдирди:
-Борбордук банкты жетектөөгө Абилов ылайыктуу эмес. Банктын иштөө ыкмасы учурдун талабына жооп бербей жаткандыгы ачык көрүнүп калды. Мен дагы бир ирээт Борбордук банктын негизги максаттарын жана милдеттерин эске сала кетейин. Биринчиден, бул банк баалардын деңгээлин өстүрбөй кармап, президенттин саясатын колдошу зарыл. Экинчиден, улуттук акчабызды – манатты күчтөндүрүү аракетин көрүшү керек. Үчүнчүдөн, бюджеттик системанын натыйжалуулугун жогорулатып, эсеп-кысапты текшерүү системасын кылдаттык менен карап чыгыш керек. Бирок, өкүнүчтүүсү, бул жумуштар аткарылган эмес.
Түркмөнстанда президент “жумуш аткарылбай калды” дечү болсо, бул дароо бирөө жумушунан ажырады дегенди туюндурат. Соңку өкмөт жыйынында да ошондой болду.
-Кетирген орчундуу каталары жана өз ишин билбегендиги үчүн Абилов Улуттук банктын жетекчилигинен бошотулат, - деген түркмөн президенти ошол эле жыйында транспорт жана коммуникация министрин, башка каржы кызматкерлерин да иштен бошотту.
Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов Кожомурат Гелдимуратовду жаңы вице-премьер-министр деп дайындады. Өлкөнүн 8-вице-премьер-министри болуп дайындалган Гелдимуратовго каржы тармагын калыбына келтирүү, банк системасын өнүктүрүү жана улуттук валюта – манатты күчтөндүрүү милдеттери жүктөлдү.
Азыркы 1000 манаттан 3 нөл алынып салынып, 1 манат деп жазыла баштайт.
Эске салчу болсок, түркмөн президенти 2007-жылды толугу менен эл аралык бизнес байланыштарын түзүүгө арнады. Мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун Түркмөнстанды дүйнөдөн оолак кармоо саясатын эске алганда, бул байланыштарды күчтөндүрүү Бердимухаммедовго оңойго турган жок.
Ниязовдон айырмаланып, Бердимухаммедов президент болуп шайлангандан кийин биринчи 15 айын Кытай, Орусия жана АКШ өлкөлөрүнүн президенттери өңдүү лидерлер менен жолугушууларга, эл аралык бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө арнады. Түркмөнстанга инвестицияларды тартууга, ошондой эле Ашхабаддын газы жана мунайы үчүн кардарларды издөөгө аракеттенди.
Мындан тышкары азыр түркмөндөр манаттын АКШ долларына карата кыйла жогору курста болушун көздөшүп, келээрки жылдын 1-январынан тарта алардын улуттук акчасын – манатты деноминациялаганы жатышат. Анын негизинде азыркы 1000 манаттан 3 нөл алынып салынып, 1 манат деп жазыла баштайт. 500 манат эң баалуу акча бирдигине айланып, ошол кагазда гана маркум Түркмөнбашынын сүрөтү калтырылат.
Бирок бул жаңылыкты уккан түркмөндөр дароо манаттарын сатканга аракеттенишип, акча алмаштырчу жайларда кымгуут түшүп, бир-эки сааттын ичинде АКШ доллары дээрлик калбай калган.