Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

ОРУС, КАЗАК, ӨЗБЕК, ТАЖИК ЦИРК АРТИСТЕРИ КЫРГЫЗСТАНДА


Ушул күндөрү Бишкекте кыргыз цирк өнөрпоздору жана Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген артистердин биргелешкен оюн-зоогу өтүүдө.

Бул эл аралык программа абада учуу, аттардын атракциону, иттердин оюну жана башка ушул сыяктуу номерлерди камтыйт. Ошондой эле төрт өлкөнүн маскарапоздорунун биргелешкен оюну бар. Аттар менен өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн казак жигиттери Кыргызстанга мындан мурун да келишкенин жана кыргыз көрүүчүлөрү жылуу кабыл алаарын билдиришти^

-Казактар менен кыргыздардын ата-бабалары көчмөн калк болушуп, өмүрүнүн көбүн аттын үстүндө өткөрүшкөн эмеспи. Андыктан биздин аттар менен көрсөткөн оюндарыбыз көрүүчүлөрдү кызыктырбай койбойт. Биз муну сахнага алгач чыкканда эле байкадык.

Көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан дагы бир номер бул Орусиядан келген артистердин “Абада учуу” оюну болду. Москвадагы Никулин циркинен келишкен артистердин ар бир аткарган кыймылы кол чабуулар, кыйкырык сүрөөндөр менен коштолду. “Ак чымчык” деп аталган бул топтун жетекчиси Алишер Алиевдин айтуусунда, бул номер менен Малазия, Италия, Голландия, Финляндия өлкөлөрүндө болушкан:

-Бул оюнду биз жарым жылдын тегерегинде даярдадык. Өтө бийикте туруп аткаргандыктан аны даярдоо учурунда жана сахнага чыгып көрсөтүп жатканда да ар кандай жаракаттарды алабыз. Бирок көрүүчүлөрдүн жогорудагыдай колдоосунан кийин баарын унутуп калабыз.

“Ак чымчык” тобунун жаш артистери эми бул оюнун Жапониянын көрүүчүлөрүнө тартуулашат. Андан соң дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө сапар алышат.

Бул эл аралык программага ар бир өлкөнүн мыкты делген номерлери тандалып алынган. Артистер келечекте биргелешкен бул программа менен дүйнө өлкөлөрүн кыдырууну көздөшүүдө. Ал эми Бишкектин көрүүчүлөрүнө 11-майга чейин тартууланат.
XS
SM
MD
LG