-Мукар мырза, ошол эскертүү силерге эмне себептен берилди?
-Мен бул жерде айтып коюшум керек. Бул эскертүүдө көрсөтүлүп жатат: “Силер курултай өткөргөндө Конституцияны бузуп, президентке, бийликке сын-пикирлерди айтып, ушул парламент легитимсиз, туура эмес шайланган, мыйзамсыз шайланган, шайлоонун жыйынтыктары фальцификацияланган, ошого жараша легитимсиз парламент дегенсиңер. Силер мындай баа берүүгө эч кандай акыңар жок” дейт. Бул болсо биздин толук бойдон конституциялык укуктарыбызды бузуу деп эсептейбиз.
Бул курултайдын чечими жеке эле оппозицияда жүргөн 5-6 кишинин ою эмес. Ал жерге чогулган бүт Кыргызстандын региондорунан келген өкүлдөрдүн, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын, коомдук адамдардын жалпы чечкен чечими болуп эсептелет. Мына бул чечим менен бийлик эсептешпей коюуга эч кандай акысы жок эле. Бирок анын ордуна алар Шаардык прокуратура тарабынан бизге эскертүү беришти. Бул эскертүүнү мен мындай деп эсептээр элем: булар Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамын жана Конституцияны одоно түрдө бузуп жатышат.
Ал мыйзамда айтылган: Мамлекеттик кызматкерлер, анын ичиндеги өзгөчө прокуратура кызматкерлери Кыргызстандагы мыйзамдардын бузулбай сакташын, саясатка аралашпай, жалаң гана мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө ойлош керек. Бул жерде болсо биздин прокуратура бүгүн мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогондун ордуна, бир адамга баш ийгендикти, авторитардык режимдин орноп калганын толук бойдон далилдөөгө аракет кылып жаткандагысы деп эсептейм.
-Мукар мырза, мына ушул Шаар прокуратурасынын эскертүүсү укук коргоо органдарынын оппозиция лидерлерин кармоого карата даярдыгы эмеспи?
-Эми бул биринчи ирээтте албетте коркутуп-үркүтүү жолу деп эсептелинет. Андан кийин кармап коюу үчүн “Биз мына силерди эскерткенбиз. Силер дагы эле бузуп жатасыңар, айтканды аткарбай жатасыңар” деп кийин айта турган шылтоосунун башталышы деп эсептесе болот.
-Ишемби күнү (26-апрелде) Түптө баштала турган саясий иш-чара, жөө жүрүштү, Каркырадагы жерлерди, Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүүгө каршы уюштуруп жатасыңарбы, же башка дагы себеби барбы?
-Бул жерде жеке эле Ысыккөлдүн эмес, үч региондун кызыкчылыгы бузулуп жатат. Ысыккөл облусунан Каркыра жана төрт пансионат кетип жатса, Чүй облусунан, Ысыката районунан 12 гектар жерди Казакстанга берип койду. Андан сырткары Талас облусунан дагы бир чоң карьерди Казакстанга берип койду.
Бул жерде менин айтып кете турган нерсем, өзгөчө маанилүүсү – Каркыра жайлоосу болуп эсептелет. Каркыра жайлоосу эзелтеден кыргыз элдери жайлап келген жер болчу. Мына, кийин биздикилер болсо айтып жатышат: “Бир кезде кандайдыр бир картага ушул жер Кыргызстандыкы эмес деп түшүп калган экен, ошондуктан биз башкаларга беришибиз керек” дейт. А эмне үчүн ошондой боло турган болсо, биздин Кыргызстандын жетекчилерибиз, 2001-жылы премьер-министр болуп туруп кол койгон экен азыркы президентибиз Курманбек Бакиев, Өзбекстан алып алган “Маданиятты”, “Бүргөндүнү”, расмий түрдө ижарага берилген жерлерди карта боюнча биздики экен, келишим менен арендага берилип кеткен экен, кайтарып бергиле, деген маселени бир дагы жолу көтөргөн жокпуз да.
Тескерисинче, кыргыз эли ээлеп, жүздөгөн жылдардан бери пайдаланып келе жаткан жерди “картага түшүп калган экен, биз аны байкабай калыптырбыз, буларды ээсине кайтарып бериш керек” деген демилге көтөрүп жаткандын өзүн биз чыккынчылык катары баалап жатабыз. Ошондуктан чегара маселесине келген жерде Кыргызстандын чегарасына бирдей мамиле кылыш керек.
Эгерде пайдаланып жаткан жер боло турган болсо, пайдаланган катары жасаш керек. Картага түшүп калган болсо, картага карап туруп, ошого жараша мамиле кылыш керек. Ар дайым эле Кыргызстанга зыян алып келе турган шарттарды пайдаланып, пайда алып келе турган шарттарды пайдаланбай коюушун бийлик тарабынан натуура деп эсептейм.
-Маегиңизге ырахмат.