Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Пенсильваниядагы баштапкы шайлоолордо Хилари Клинтон Барак Обаманын үстүнөн жеңишке ээ болду


Пенсильвания штатында 22-апрелде болгон баштапкы шайлоолордо Хилари Клинтон алдыга озуп, Барак Обаманын үстүнөн жеңишке ээ болду. Бирок анын үстөмдүгү ал өзү күткөндөй жана башка эксперттер болжоп айтып жаткандай анчалык чоң болгон жок. Эми эки демократ талапкердин атаандаштыгын алардын акыркы сөздөрү чечиш керек. Анткени Клинтон дагы, Обама дагы баштапкы шайлоолор маалында жетиштүү добуш топтой алышпай тургандыгын эксперттер болжоп айтып жатышат. Демократтардын атынан президенттикке талапкер партиянын жайында боло турган съездинде көрсөтүлөт. Ага чейин дагы тогуз штатта баштапкы шайлоолор өтүшү керек. Ал эми республикачылдар партиясынан президенттикке талапкер дээрлик аныкталып калды, ал – сенатор Джон Маккейн.

XS
SM
MD
LG