Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Бүгүн 24-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарынын жетекчилери Казакстанда жолугушуп, азык-түлүк коопсуздугу маселесин талкуулашмакчы. Буга чейин Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Казакстан буудайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/FB4EC412-E8A3-4BE2-8AC8-1D4982306DDA.asp сыртка чыгаруу боюнча тыюусун Кыргызстанга карата жокко чыгарат, деп билдирген. Айрым адистер бул багытта өкмөттөр аралык келишим түзүлмөйүнчө, буудай, нан маселеси чечилбей кала берерин айтышууда.

12-13-апрелде Дүйнөлүк банк менен Эл аралык банк быйылкы жылы ачкачылык коркунучу бардыгын болжолдоп, эң чоң коркунуч жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиерин белгилешкен. Мындай алсыз өлкөлөрдүн катарына албетте Кыргызстан да кирет. Бирок кыргыз өкмөтү быйылкы жылы айдалган эгин өлкө элин камсыздоого жетиш керек, деп үмүттөнүшүүдө. Айыл суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевдин “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча бүгүнкү күнү жалпы Кыргызстан боюнча дан эгиндерин айдоо аяктап калды:

-Азык-түлүк коопсуздугу маселеси биз үчүн негизги маселе. Мына ошондуктан, жазгы талаа иштерин күчөтүп, алдыга жылдырууга аракет кылып жатабыз. Өткөн жылга караганда жазгы талаачылык иштери 30-40% алдыга кетти. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында буудай айдалып бүттү. Эми арпа, жүгөрү жана башка дан эгиндери мындан ары себиле берет.

Арстанбек Ногоевдин билдиргени боюнча бүгүн Астана шаарында 12 өлкөнүн айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынын жетекчилери чогулуп, тамак-аш коопсуздугун талкууга алышмакчы. Белгилүү болгондой эки жума мурун казак бийлиги сентябрь айына чейин буудайды сыртка чыгарууга тыюу салган. Бирок 17-апрелдеги Кыргызстан жана Казакстан мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин Казакстан бул тыюусун Кыргызстанга карата жокко чыгарат, деген маалыматты президент Курманбек Бакиев журналисттерге билдирген.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосундагы Кыргызстанга 50 миң тонна дан берүү боюнча буга чейинки келишими күчүндө калгандыгын жана аны казак тарап жакын арада аткара баштарын да бекемдеген.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги быйылкы жылы Кыргызстан өзү дан талааларынан 800 миң тоннага чукул дан жыйнап алат, деп белгилөөдө. Бирок ошол учурда дагы бизге 300 миң тоннага жакын буудай керек болот. Кыргыз өкмөтү негизги ишенич дан-ун менен иштеген ишкерлерге калып жаткандыгын кайталап келет. Бирок ишкерлер деле кийинки бышыкчылыкка чейин бааларды кармап турууга болоруна көздөрү жетпей турган кез. Ун чыгаруучу ишканалардын бири, “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков былтыркыдай таңсыктык пайда болсо, буудай орула электе эле кымбат баага сатылат, деп божомолдойт:

-Баягы анча-мынча жыйнаган запастар түгөнө баштаса, баалар майда эле көтөрүлө баштайт. Эгер андай болсо таңсыктык маселеси да эрте чыгат, буудайдын жаңы түшүмүнүн баасы чабыла элек жатып эле көтөрүлө баштайт. Былтыр буудай жаңы жыйналган кезде баа төмөн эле болчу. Бирок ар жума сайын тездик менен көтөрүлүп отуруп, тез эле эки эсеге жакын кымбаттап кеткен.

Ишкерлердин айтуусунда Кыргызстан Казакстандан тышкары Кытайдан да буудай сатып алып турган. Бирок глобалдык кымбаттоо жана тамак-аш кризиси Кытай өкмөтүн да буудайды жана күрүчтү сатууга чектөө киргизүүгө аргасыз кылууда. Дан ресурсу жагынан үстөмдүк кылып жаткан өлкөлөрдүн бири Белорус тамак-аш кризисине азырынча алдырбай тургандыгын белгилөөдө.

Беларустун министрлер кабинентинин төрагасынын орун басары Иван Бамбизенин “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдиргени боюнча өкмөт айыл чарба тармагына жана өлкөдөгү азык-түлүк баа саясатына көзөмөл кылып турат, бул өз кезегинде азык-түлүк бааларынын асмандап кетүүсүнүн алдын алат, ошондой эле Беларустун өзүндө дандын ресурсу да жетиштүү:

-Ресурстук база жагынан бизде маселе жок. Ал эми азык-түлүк баалары боюнча мамлекет көзөмөлдөп турат. Биз муну жарандарыбыздын кирешеси реалдуу өсүшүн камсыздоо максатында, киреше чыгашаны жаап туруусу үчүн жасайбыз. Мындан тышкары айыл чарба өндүрүшү да мамлекет тарабынан олуттуу колдоого алынган. Ошондуктан, өкмөт баалардын өсүп кетүүсүн да көзөмөлдөй алат. Бул биздин чарбакечтердин баарына жакпайт, бирок ошентсе да мамлекет базардагы бааларды жөнгө салуу укугун өзүнө алган. Ошол эле учурда ички базардан тышкары экспорттук кубаттуулук бар,
- дейт Беларустун министрлер кабинентинин төрагасынын орун басары Иван Бамбизе.

Бул аралыкта буудайдын баасы акырындык менен өсүүдө. Ушул тапта Казакстандан келип жаткан буудайдын баасы 450-500 долларга айланууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG