Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

АРКАДИЙ ДУБНОВ: КЫРГЫЗДАР ӨЗ ЭЛИНИН ТРАГЕДИЯСЫН ЭСКЕРГЕНГЕ АКЫСЫ БАР


Орусиядагы “Время новостей” гезитинин бүгүнкү санында журналист Аркадий Дубнов “Кыргызстандан бизге эмне керек?” деген макаласын жарыялады.

Анда журналист Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 22-апрель күнү таркаткан билдирүүгө кайрылат. Орус министрлиги Кыргызстанда 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү демилгеси көтөрүлүп жатканын “орус-кыргыз алакаларын суутуп сатылышы мүмкүн” деп айткан болчу. Журналист министрликтин бул билдирүүсүнө айран таң калганын, түшүнбөй турганын жазды. Анын айтымында, кыргыз парламентинин токтомунда жазылган сөздөрдүн ичинде орус-кыргыз алакаларына зыян келтириши мүмкүн болгон бир да сөз жок. “Кыргыздар 150 миң адамдын өлүмүнө алып келген эң чоң трагедиясын билип жүрүшүнө тоскоолдук кылууга кандай акыбыз бар?” деп суроо коюлат макалада. Ошол эле учурда бир топ тарыхый фактылар келтирилип, эмне үчүн тарыхый окуя боюнча көтөрүлгөн демилге Кыргызстанда чыкса каршылык көрсөтүлөт да, Түркмөнстандан чыкса эч ким буга унчукпайт? деп, Аркадий Дубнов “Анткени түркмөндөрдө Орусияга керектүү жаратылыш газы бар, ал эми Кыргызстандан бизге эмне керек?” деп өз суроосуна өзү жооп берди. Мындай саясаттын жүргүзүлүшү, журналисттин ишениминде, Москва өзү Батышты айыптап келген “кош стандарттуулуктун” белгисин көрсөтөт. “Айтмакчы, Орусия деле Борбор Азияга карата өзүн бир аз Батыш деп эсептейт эмеспи” деп жыйынтыктады макаласын орусиялык журналист. (TD)
XS
SM
MD
LG