Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

ДЖАЗ ФЕСТИВАЛЫ БИШКЕКТЕ


Бүгүн Бишкекте “Джаз-2008” эл аралык фестивалы башталат. Үч күнгө созулчу бул маданий иш-чарага бир катар өлкөлөрдөн музыканттардын келеери күтүлүүдө.

Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын демилгеси Германиянын, Франциянын Кыргызстандагы элчиликтеринин колдоосу менен уюштурулуп жаткан фестиваль Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ага Венгрия, Франция, Германия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн джаз топторунун келеери күтүлүүдө.

Франциялык “Zarbituric” деген аталыштагы топтун музыканттары буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө өнөрүн көрсөтүшкөн. Француз джаз күйөрмандарынын арасында болсо алардын кадыр-баркы жогору деп билдирди Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Шарлоте Урбен:

-Бул топтун музыканттары өздөрү жараткан музыкаларды гана ойношот. Башкача айтканда, башка авторлордун чыгармаларын аткарышпайт. Ошондой эле импровизациялык жөндөмдүүлүгү да күчтүү. Курамы жаш музыканттардан турган бул топ көбүнчө Париждеги джаз клубдарында ойношот.

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Штефан Лаас мырза билдиргендей Германияда джаз топтору арбын. Башкача айтканда бул өлкөдө джаз музыкасы жакшы өнүккөн.

-Курамы үч кишиден турган Ларс Дупплердин джаз триосу Курт Вайлдын чыгармаларын даңазалагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Курт Вайль 20-кылымдагы белгилүү немис композиторлорунун бири. Андыктан анын чыгармалары буюрса Кыргызстанда да жаңырмакчы.

Четтен келген музыканттар расмий программадан тышкары Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайында устаттык сабактарды да өтөөрү күтүлүүдө. Ошондой эле Бишкектеги “Apple” клубунда джем-сейшн өткөрүлөт деп кабарлады Шарлоте Урбен:

-Джем-сейшн бул жөн эле концерт. Анда джаз чеберлери бир сахнада чогуу бир музыканы ойношот. Мисалы француз музыканттары кыргыз джаз өнөрпоздору менен, же болбосо немис жана тажик музыканттары биргелешип, турган жерден музыкаларды аткарышат.

Кыргызстандан бул фестивалга “Аура” джаз тобу катышат:

-Бул фестиваль биз үчүн майрам. Бири-бирибиз менен баарлашып, тажрыйба алмашканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, - деген оюн айтты аталган топтун музыканты Аслан Исабеков.

Бир катар өлкөлөрдүн башын бириктирген джаз фестивалы 27-апрелде жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG