Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

АК МРАМОРГО БӨЛӨНГӨН АШГАБАТ (сүрөт баян)


Сырт дүйнө үчүн көп жылдар бою жабык болуп келген Түркмөнстан соңку убакта эл аралык уюмдар жана коңшулары үчүн эшик-терезелерин акырындап ача баштады. Улуттук азчылыктардын билим алуу укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Ашгабатта өткөргөн иш чарага кабарчыбыз барып катышып, түркмөн мамлекетинин бүгүнкү турмушунан кабар алып келди.













Бүгүнкү Ашгабатта жалан ак мраморго бөлөнгөн шаар өсүп жатат. Эски имараттардын сырты мрамор менен жаңыртылып, жаңы райондордо жалан ак мрамордон ар кандай мейманканалар, бийик көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бирок сырттан караган көзгө ал үйлөргө кирип чыккан жан көп урунбайт.





Ашгабаттын көчөлөрүндө автоунаалар анча көп эмес, чет элдик унааларга караганда советтик эски автоунаалар көп кездешет. Бул өз кезегинде жалпы элдин чыныгы турмуш деңгээлинен кабар берип турат.









Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун сүрөтүн мамлекеттик мекеме-уюмдар, окуу жайларда, көчөдө гана эмес мейманкалардын ичинде жана сыртында, базарларда, жада калса нан жана байпак саткан дүкөндөрдөн да кездештирүүгө болот.







Базарларда барчылык, издеген оокатың табылат. Баалары Кыргызстанга салыштырмалуу арзаныраак.







Түркмөндөр үйдө болсун, көчөдө же иште болсун улуттук кийим менен жүргөндү жактырышат. Ошол эле учурда европалык стилде кийинген кыз-келиндер да кездешет.

Кубат Чекиров, Бишкек-Ашгабат-Бишкек

XS
SM
MD
LG