“Президенттин бардык буйругун кыңк этпей аткарып, анын бардык каалоолорун ишке ашырып жаткан кол бала парламенттин кереги жок. Кечээги энергетикага байланыштуу программаны жана Улуттук телекорпорация тууралуу мыйзам долбоорлорун жүз пайыз колдоп берип аткан “Акжолчу” депутаттардан турган парламент тараш керек.” Мындай пикирин билдирген “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары, экс-депутат Дүйшөн Чотонов Каркыраны казактарга берүүгө да макулдугун берген парламентти таратуу саясий жөө жүрүштүн негизги талаптарынын бири экендигин кошумчалады. (ZKo)
9:45 Дүйшөн Чотонов: “Жүрүштүн талабы Каркыраны кайтарып алуу жана көз каранды парламентти таратуу”