Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

АРМЕНИЯ: ТАРЫХ ӨЗ ЖОЛУ МЕНЕН, САЯСАТ ӨЗ ЖОЛУ МЕНЕН БОЛСУН


Армяндар 24-апрелде “геноцид күнүн” белгилешти. Армения --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/B0925E93-4C0A-4E5E-935F-BDAAFA3B60F5.asp Осмон империясы маалында армяндардын кыргынга учурашын түрктөр тарабынан жүргүзүлгөн тукум курут саясаты деп баалашат. Түрктөр болсо андай ырастоону четке кагышууда. Ереванда өткөн эскерүү аземинде жаңы президент Серж Саркисян геноциддин эларалык коомчулук тарабынан таанылышы үчүн аракет мындан ары да көрүлөт деп ишендирди. Тарыхтагы окуялар азыркы саясатка таасир эткен учурлар четинен жолугат.

Улуттар уюму 1948-жылы кабыл алган “Геноцид жөнүндөгү конвенцияда” бул сөзгө мындай аныктама берилген: геноцид - бул этникалык, расалык же диний топту толугу менен же анын бир бөлүгүн жок кылууга багытталган аракеттер.

Ушу тапта армяндардын тукум курутка учураганын 20дан ашуун өлкө тааныды. Анын ичинде Россия, Франция, Германия, Канада өңдүү ири мамлекеттер бар.

Былтыр күзүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитети армяндардын кырылышын геноцид деп атаган аткарылышы милдеттүү эмес (символикалык) резолюция кабыл алды. Ак Үй мындай кадам Анкара менен алакаларга зыян тийгизет деп, ага каршы болуп келген.

Кээ бир тарых булактарында жазылгандай, Биринчи Дүйнөлүк уруш маалында Осмон империясынын курамындагы армян азчылыгынын өкүлдөрү партизандык кошуундарды түзүп, орустарга жардам беришкен.
Жооп катары 1915-жылдын 24-апрелинде армян коомчулугунун лидерлери, интеллигенциянын миңдеген өкүлдөрү жок кылынган. Ошол эле жылдын май айында Осмон империясынын кол башчылары чыгыш Түркиядагы армяндарды сүрүп башташкан. Армяндардын ырастоосунда, Анатолиядан Сирия, Иракка бараткан жолдо 1 жарым миллиондой армян өлтүрүлүп же арып-азып жок болгон.

Бирок тарыхчылар түрктөрдүн армяндарга карата ошол кездеги саясатын согуш канчалык шарттаган деген маселе боюнча алигиче талашып келатышат.

Түркия армяндарга каршы туруктуу кампания жүргүзүлгөн деген ырастоолорду четке кагууда. Бул маселе эки өлкөнүн алака куруусуна дайыма тоскоолдук болуп келген.

Анкара миңдеген армяндар жана түрктөр Осмон империясы кыйрай баштаганда тутанган улуттараралык жаңжалдарда курман болушкан деп айтып жүрөт.

Азыркы Түрк жумурияты империя кулагандан кийин, 1923-жылы түптөлгөнүн айта кетели.


Кыргызстандык адистердин сөз болгон окуяларга көз карашы кандай болду экен? Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил институнун директору, түрколог, профессор Кадыралы Конкобаев «Азаттык» үналгысына маек куруп берди.

К.Конкобаев: -Тарыхты эртеби, кечпи эл билет, тарых билет. Түркияда англисче түркчө чыккан китептердин баары менен мен таанышып көрдүм. Ал документтерге караганда, эки тарапта тең абдан кан агуулар, кыргындар болгондугуна эл абдан таң калды эле. Эми ошол мурдакы өткөн окуяларга байланыштырып кийинки саясатчылардын эл аралык деңгээлдеги чоң сунуштарын, ошол маселени абдан жогору көтөрүп, дүйнөлүк саясаттагы маселеге айландырып жаткандыгынын өзү көп жагынан тарыхый негизсиз экендигине мен адис катары ишендим десем болот.

“Азаттык”: -Тарыхтагы окуялар азыркы саясатка таасир эткен учурлар көп эле. Алыска кетпей эле коёлу, Жогорку Кеңеш жакында бир токтом чыгарды эле. “Улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү” күнүн белгилөө жөнүндө. Россиянын Тышкы иштер министрлиги дароо буга наарызылыгын билдирди.

К.Конкобаев: -Менимче, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому абдан туура, учурунда кабыл алынган токтом. Биз качанкыга чейин тарыхта болгон окуяларды көз жаздымда калтырып келе беребиз? Таң калыштуу нерсе ал өз учурунда 1916-жылы чынында эле кыргыз элинин башына келген чоң трагедия болгон.

Бул трагедияны эч ким тана албайт. Ал турсун орустун документтерин мен өз көзүм менен окуп, таң калдым. 500дөн ашкан кыргызды мына азыркы Аксуу, Беловодский деген айылда койчунун короосуна камап алып, кыргыздарга ок коротпойбуз деп, шиш менен беш жүздөй адамды сайып өлтүргөн. Тарыхый документтер бар. Ошол орус архивдеринде бар булардын баардыгы.

Эми кептин баары мында эмес. Болду, кетти, тарых. Бирок кыргыздын келечек муундары бул тарыхты билиш керек. Орус эли менен кыргыз элинин андан берки тарыхында көп жакшы нерселерибиз бар. Биз жакшы нерселерибизди жаман нерселер менен эч качан жаппашыбыз керек. Орусия менен биздин тарыхый байланышыбыз улана берет. Утурумдук саясатка эл эч качан азгырылбаш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: -Кээ бир кыргызстандык саясатчылар айтып жатпайбы “бул кыргыз-орус мамилелерине залакасын тийгизет” деп. Демек сиздин оюңузча мунун эч кандай терс таасири болбойт, туурабы?

К.Конкобаев:- Менимче, эч качан терс таасир болбош керек. Бүгүнкү күндү, утурумдук көз караштарды саясатка айландырган туура эмес.

“Азаттык”: -Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG