Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

ТҮРКМӨНСТАНГА АПРЕЛЬ КАЙТЫП КЕЛЕТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Түркмөн бийлиги мурунку президент Сапармурат Ниязовдон калган башаламандыкты жокко чыгаруу максатында айдын аттарын кайра эларалык стандарттарга алып келет. Ошентип, апрель айы Гурбансултан эмес, кайра апрель деп эле аталат.

Сапармурат Ниязов 2002-жылы киргизген түркмөн календары түркмөн элинин тарыхый календары эмес. Мисалы, кыргыздар жыл эсебинде колдонгон айдын аттары, ошол эле бугу же кулжа, эл арасында мурдатан эле колдонулчу деп эсептелет. Ал эми түркмөн календарын Сапармурат Ниязов маалында атайын аны даңазалоо үчүн ойлоп табышкан. Мисалы, апрелдин түркмөнчө аталышы Гурбансултан, Ниязовдун энесинин атына коюлган. Январ айы Ниязовдун урматына Түркмөнбашы деп аталчу. Апта күндөрүнө да жаңы аталыштар ойлоп табылган. Мисалы, дүйшөмбү Башкүн, ал эми ишемби Рухкүнү деп аталган.

Жаңы аталыштар бийлик тарабынан күчтөлүп киргизилгени менен эл арасында алар кеңири колдонулган эмес. Ниязов көз жумгандан кийин бул тууралуу каттар түркмөн парламентине келе баштады. Түркмөн парламентинин төрайымы Акжа Нурбердиева бул маселе тууралуу шаршемби күнү президент Гурбангулы Бердымухаммедовго билдирди.

- Урматтуу президент. Бизге миңдеген каттар келип түштү. Анда түркмөнстандыктар айлардын жана апта күндөрүнүн аттарын кайра эскичеге өзгөртүүнү суранып жатышат.

Бердымухаммедовдун пикиринде, мүмкүн, чын эле, календарды көнүп калган мурдагы аталыштарына өзгөртүүгө мезгил келип жетти.

- Бул маселе улуттук кызыкчылыкта болуп, эл да муну колдоп жатса, анда кийинки парламенттик отурумда аны караштырып көрөлүк.

Түркмөнстандыктардын дээрлик көпчүлүгү жаңы календардык аталыштарды үйрөнүүгө үлгүрүшкөн деле эмес. Аны мектеп программасы менен расмий кагаздардан башка эч кайсы жерде колдонушкан жок, дейт орто курактагы түркмөн жараны.

- Биздин курактагылар, отуздан ашып калгандар, кагаз жүзүндө гана бул аталыштарды колдонбосок эле, аны азыркыга чейин толук үйрөнгөн эмеспиз. Мисалы, Алп Арслан, Гурбансултан же Түркмөнбашы – кайсынысы кайсы ай экенин мен дагы эле түшүнбөйм.

Календарды өзгөртүү тез-арада чечилчү маселе эмес. Ага, эң биринчи кезекте, эл көнүш керек. Андыктан Кыргызстан бул маселеде либералдуу жол менен баратат, дейт тилчи Кадыралы Коңкобаев.

- Биз календардагы апрель айын чын куран деп да эки тилде колдонуп жүрбөйбүзбү. Буларды дагы бир нече жыл параллелдүү колдонуп көрөлү. Балким келечекте, мамлекетти башкаруу кыргыз тилине өткөндө, жалаң кыргыз аталыштарга мезгил жетет. Бирок, айлардын европалык аталыштарын да биз түшүнөбүз да.

Гурбангулы Бердымухаммедов мурунку түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун радикалдуу саясатынын кесепети менен күрөшүп, андан калган бир нече мыйзамды кайра жокко чыгарткан. Анткен менен, Бердымухаммедов дагы эле Ниязовдун мураскору деп эсептелет. Ал азырга чейин мурунку Түркмөнбашынын саясатын кескин сынга алып чыга элек.

XS
SM
MD
LG