Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

КЫТАЙ ДАЛАЙ ЛАМАНЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ


Аида Касымалиева, Прага Кытай Тибеттик буддисттердин бозгунда жүргөн диний лидери Далай Ламанын өкүлдөрү менен жолугаарын билдирди. “Синьхуа” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, жолугушуу жакынкы күндөрү болот. Далай Ламанын жакындарынын бири Тензин Такхла диний лидер Кытайдын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/B2DEF3E8-153E-4ACE-AE0E-D6FF549B3699.asp жолугушуу уюштуруу демилгесин кубаттаганын айтты. Тензин Такхла бетме-бет отуруп сүйлөшүү гана Тибет маселесин чечиши мүмкүн экендигине токтолду.

Бээжин Далай Ламаны жакында Кытайда орун алган иш-чараларды уюштурган деп күнөөлөп келсе, Тибеттин бозгунда жүргөн өкмөтү Кытайдын коопсуздук кызматкерлери башаламандыктарды атайлап уюштурган деп жооп беришүүдө.

Өткөн айда Тибеттин борбору - Лхасада орун алган толкундоолордон кийин дүйнө жүзү боюнча Тибетти колдоо иш-чаралары күчөп, эл аралык коомчулук “Далай Лама менен диалогду башта” деп, Кытайга басым жасап келет. Кытай үстүбүздөгү жылдын август айында Олимпиада оюндарын өткөрөт. Быйыл Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапары Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы уюштурулган толкундоолор менен коштолууда.

Тибет өкмөтүнүн айтымында, Кытай Лхасадагы толкундоолорду басууда күч колдонуп, анын негизинде 150 адам мерт кеткен. Кытай болсо, мыйзам чегинен чыкпаганын билдирип, тескерисинче, тибеттик “козголоңчулардын” айынан 20 адамдын өлгөн деп жатышат.

Кытай Далай Лама менен диалогду баштоо чечимин Европа комиссиясынын президенти Хосе Мануел Барозо Бээжинде Кытайдын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн соң бир-эки сааттан кийин жарыялады.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бир нече жолу Далай Лама менен сүйлөшүүлөр качан гана ал “өлкөнү бөлүп жаруу аракетин, Олимпиада оюнун саботаж кылууну жана зордук-зомбулукка алып келген чагымдардан баш тартса” гана башталаарын билдирип келген.

Далай Лама Тибеттин көз карандысыздыгын талап кылбагандыгын айтып, тибеттиктерди зордук-зомбулукка барбагыла деп үндөгөн. Бирок ушуга чейин Бээжин Далай Ламанын бул сөздөрүнө ишенген эмес.

Кытайлык коммунисттер ал кезде көз карандысыз Тибетти 1950-жылы оккупациялап, Кытайга кошушкан. Азыркы Далай Лама 1959-жылдан бери Индияда бозгунда жүрөт.

XS
SM
MD
LG