Игорь Чудинов баштаган топ бүгүн жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу Кристалл заводунда болду. Бул топ менен кошо жүргөн кабарчыбыз Бүбүкан Досалиеванын айтымында, жакында заводдо дагы кошумча 4 меш ишке кирет экен. Андан соң өкмөт башчы ушул шаарга курула турган кыргыз-индия биргелешкен заводу үчүн берилген жер аянты менен таанышып, андан ары Камбарата-2 ГЭСиндеги курулуш иштеринен кабар алуу үчүн жол тартты.(SM)