Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

ЭЛ ҮНҮ: КОШ БОЛ КАРКЫРАМ...


Бул жолу “Эл үнүнө” ишенчээктиктин айынан алдамчыларга өз үйүн тарттырып ийип кор болуп жүргөндөр, Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун камалышына нааразы болуп, жол тосууга чейин бара тургандыктарын айткан Нарын облусунун тургундары, Каркыра жайлоосундагы жердин колдон учканына капа болгондор, айдоо жерлерге суу жетпей кыйналгандар кайрылып, ой-пикирлерин коомчулукка жеткирип коюуну суранышты.

Ысыккөл облусундагы Аксы районунун тургуну Асангул Сарыбаев, Каркыранын казактарга кеткенине катуу капа болду. Бул тууралуу ой-пикирин билдирүү үчүн атайын “Эл үнүнө” чыккан А.Сарыбаев, ал жерлер эзелтен кыргызга гана таандык болгонун, убагында Манас баатыр кытайларды, калмактарды кууп ал жерди коруганын, ал жерде ушул кездерге чейин кыргыздардын мал-жаны жайылып жүргөнүн, эми минтип ал жердин казактарга өтүп жатканы абдан өкүнүчтүү экендигин айтты. “Казакстандын бир облусу Кыргызстандан чоң. А биз кенедей Кыргызстаныбызды талатып минтип отурабыз. Бул жагыбыздан казактар, түштүктөн өзбектер, анан кытайлар жерибизди ала берсе Кыргызстан жоголуп кетеби”,- дейт ал.

Сокулуктан байланышка чыккан Өндүрүш Токтоназаров, “Де-факто” гезитине чыккан Жекебек Журтовдун Каркыранын сатылып кеткенине байланыштуу ырын окуп толкунданып турганын, жерлердин сатылып кетип жатканына абдан капа экендигин, эми ал жерлерди кайтарып алууга күч үрөп аракеттениш керектигин айтып, “Ар-намысы жок “Акжолчулардын” ратификациясын жокко чыгаралы. Эмки конституцияга жер сатууга жол жок, жерин саткандарды Манастын арбагы урат” деп жазып коёлу дейт Өндүрүш Токтоназаров. Өзгөн районунан Төлөгөн Жолдошев дагы бизге байланышка чыгып, Каркыранын, пасионаттардын кеткени абдан кооптуу иш экендигин, эми өзбектер, кытайлар, тажиктер да кыргыз жерин талаша баштарын айтып капаланды.

МААЛЫМАТ ЖАРЫГЫН ӨЧПӨСҮН

Жалалабад облусундагы кабарчыбыз аркылуу “Эл үнү” берүүсүнө пикирин билдирген Иличбек Нарматов, президент Курманбек Бакиевдин 2005-жылы жалпы элге берген убадасынын бирөөнү элдин эсине салды. Курманбек Бакиевдин ошондо, “Мен эгер президент болсом бардык ММКларды эркин кылууга жана КТРди элдик кылууга бардык мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм” деп айткан сөзүн мисал келтирген Иличбек Нарматов, ошондон үч жыл өткөндөн кийин ММКлардын көбү бийликтеги бир ууч адамдардын гана колуна топтолуп калганын, эч кандай эркин болбогонун, УТРКнын дагы көз каранды экендигин, оппозиция өкүлдөрү катышкан программалар эфирден алынып ташталып жаткандыгын, ага “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө катышкан “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Адилет министри Марат Кайыповдун бетме-бет беттешүүсү эфирден кетпей калганы мисал боло аларын айтат. Ошентсе да Жалалабад шаар тургуну Мойдун Мамажановдун “Эл үнүнө” билдиргенине караганда, бүгүнкүдөй сөз эркиндигинин эч качан болбогон, ар ким өзү каалагандай эле сүйлөп, кала берсе президентке акаарат келтирген сөздөр айтылганда деле президент сабырдуулук кылып келатат.

Жалалабаддык Кушбак Султанкулов дагы “Эл үнүнө” кайрылып, жалаң бийликтеги адамдардын туугандары, жакындары жакшы-жакшы айдоо жерлерин басып алып, өздөрү гана пайда көрүп, жакшы жашап атышканын айтып, калыстык болбой атканын айтты. Ал эми Жалалабад облусундагы Орток айылынын тургуну Мукаш Ормушев болсо, айдоо жерлерге суу жетпей эл кыйналганын, буга каражат бөлүнгөн болсо дагы бийликтер эмгиче суу чыгарып беришпей жатканын билдирди. Облустук Курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Ажымамат Исаев болсо, Орток айылындагы бул көйгөй жакын арада чечилет деп убада берди.

Ал эми Чүй облусунун айрым тургундары “Эл үнүнө” аталган дубандагы кабарчыбыз аркылуу жер талаш маселеси, учурдагы саясий кырдаал тууралуу ой-пикирлерин билдиришкен. Чүй облусунун жашоочусу Мурзабек Жаналиев, азыр жалаң Акаевдин кадрлары бийликтин чоң бутактарында жүрүшкөнүн, ошол бийлик тушундагы Медет Садыркулов, Искендер Айдаралиев, Чолпон Баекова, Зоотбек Кыдыралиев сыяктуу адамдар дагыле чоң кызматтарда экендигин, ошол себептү азыркы бийликтин жакшы жакка өзгөртүү жасай турганына ишенбей турганын айтып берди.

Ал эми Аламүдүн районундагы Лесхоз айылынын бир катар тургундары бийликтер орун-очок алып турушкан жерлерине үй—жай курууга уруксат бербей атканын айтып кайрылышты. Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов болсо, алар турган жерге үй салууга уруксат берилбесин, Лесхоздогулар убагында мыйзамсыз түрдө ал жерге жайланышып, эми үй-жай салууга аракет кылып атышкандыктарын, эгер курулуш баштай турган болушса мыйзам боюнча алардын турак-жайлары сүздүрүлө турганын эскертти.

Ошондой эле Нарын облусундагы кабарчыбыз Күмөндөр Усуптегинге жергиликтүү тургундар кайрылып, мурдагы министр Ишенбай Кадырбековдун камалышы туура эмес экендигин “Эл үнүнөн” айтып коюуну суранышкан. Алардын айтымында, эгерде жакын арада И.Кадырбеков бошотулбаса Бишекек-Торугарт жолу тосулушу да ыктымал, анктени бийликтер мурдагы министрге жалган жалааларды жаап жаткан болушу ыктымал.

Э.МИНЕЕВА: ПОГОНЧОН АЛДАМЧЫГА ЖОЛУГУП КОР БОЛДУМ

Ошондой эле “Эл үнүнө” алдамчылардын жеми болуп, өз үйүн тарттырып жиберген Эльвира Минеева аттуу Бишкек шаар тургуну кайрылды. Анын айтымында, 2003-жылы Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Байдилло Юлдашев, “Сени Германияга жиберем” деп алдап, квартирасын өзүнүн жакындарына жаздыртып, тартып алганын. Кылмыш иш козголгону менен ушул кезге чейин милиция аны табууга, үйүн алып берүүгө аракет кылбай атканын айткан Эльвира, азыркы тапта түнөгөнгө да жайы жок калганын билдирип, “кимдир бирөө убактылуу жашаганга жай таап берүүгө жардам кыла алар бекен, жогорку бийлик иштин козголушуна түрткү берер бекен” деп, “Эл үнүнөн” коомчулукка кайрылат:

- Менин атым Элвира Минеева болот. Мен Бишкектин 8-микрорайонундагы биринчи үйдүн 67-квартирасында жашачумун. Бул өзүмдүн квартирам эле. Жаш балам менен жашачумун. 2003-жылдын 1-мартында мага Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Юлдашев Байдилло келди. Ал бизди Тышкы иштер министрлигинин каналы менен үй алмашуу жолу аркылуу Германияга жашоону сунуш кылды. Колунда документтери бар экен. Ал өзүнүн туугандарын алып келип, “үйүңдү ошолорго жаздырып тур, сага Германиядан үй алып берем чогуу барып” деген. Бардык документтерге кол коюп, үйүм алардын атына жазылгандан кийин Юлдашев жоголуп кетти. Үйүмө берки туугандары киргизбей коюшту. Мен милицияга кайрылганым менен ушул кезге чейин жыйынтык жок. Кайрылбаган жерим калбады. Милиция коррупциялашып, иш жылбай аткандыктан мен азыр үй-жайсыздардын жайында эптеп жашап атабыз. Мен жогорку бийликтен жардам сурайм, бул ишти аягына чыкканга жардам берип, үйүмдү алып бериңиздер.

XS
SM
MD
LG