Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

18:20 Сот И. Кадырбековду убактылуу тергөө абагында кармоо мөөнөтүн узартты


Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы боюнча санкцияны карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген анын адвокаты Вячеслав Лужанскийдин айтымында, 10 күндөн соң сот бул маселени кайра карайт. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы аталган кызматта тургандагы иштери боюнча Эсеп палатасынын иликтөөсүнүн негизинде кылмыш ишин козгогонун каржы полициясынан кабарлашкан. Ишенбай Кадырбеков кечээ камакка алынган эле. Айрым саясий ишмерлер болсо анын камалышын саясий куугунтук катары баалашууда.(SM)

XS
SM
MD
LG