Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

10:25 ММК коомдук пикирдин бардык түрүн чагылдырылышы керек


Бул тууралуу Кыргыз-түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу Бакыт Орунбеков “Азаттыктын” телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар жөнүндөгү жаңы мыйзам тууралуу суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, коомдук телекөрсөтүү коомдун ар кандай өкүлдөрүнөн, ар кандай бийлик бутактарынан келип, биргелешип иштешкен чоң система болушу керек эле. Бакыт Орунбеков Мамлекеттик телекөрсөтүү коомдук пикирди ар тараптуу чагылдырбайт жана ал бир гана бийликтин, бир гана өкмөттүн же болбосо кайсы бир саясий күчтүн гана кызыкчылыгын коргоп калат деген оюн ортого салды.

24-апрелде парламент телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Жаңы мыйзам долбоору боюнча республикадагы көрсөтүү, уктуруулардын теңинен кем эмеси өзүмдүк, ошончолук эле өлчөмдөгүсү мамлекеттик, расмий тилде чыгышы абзел. Улуттук телерадиокорпорациянын байкоочулар кеңешине кимдер кирерин, жетекчисине кимди дайындарын президент өзү чечет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG