Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: КИТЕП ДҮЙНӨСҮ


22-апрель күнү Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/04/E7A842E4-68C8-4F96-9715-D36EB4A84877.asp университетинде «Чыңгыз Айтматов жумалыгы» башталды. Салтанатка эл жазуучусу Ч.Айтматов, маданият жана маалымат министри Султан Раев жана башка бийлик өкүлдөрү, жазуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын биринчи күнү Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде түрк тилинде тартылган «Кызыл жоолук жалжалым» көркөм тасмасы менен аяктады. Жумалыктын жүрүшүндө ошондой эле “Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк маданият” деген тегерек үстөл өтүп, ага республиканын окумуштуулары жана Түркиядан келген илимпоздор катышты. Бул иш-чара жазуучунун 80 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү.

23-апрелде эл аралык китеп жана автордук укук күнү белгиленди. Ага арналган салтанат мамлекеттик тарых музейинде өтүп, ага кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов, маданият жана маалымат министри Султан Раев жана башка акын-жазуучулар, китепкана кызматкерлери катышты.



25-апрелде Бишкекте эл аралык үчүнчү джаз фестивалы ачылды. Ага Венгрия, Франция, Германия мамлекеттеринен жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр келишти. Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын демилгеси Германиянын, Франциянын Кыргызстандагы элчиликтеринин колдоосу менен уюштурулуп жаткан фестиваль бүгүн жыйынтыкталат.

Президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгына ылайык, Республиканын маданият жагындагы сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам “Щенхо” вокалдык-аспаптык ансамблинин солисти; Люшсан Сульмане жана “Ысыката-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти Алтынай Нарбаевага берилди.

Дүйшөмбү күнү тарыхый жайларды жана эстеликтерди коргоо күнү белгиленди. Ага карата Орусияда ачык эшиктер акциясы өтүп, көрүүчүлөр өлкөдөгү маданий мекемелерге бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Прагада 24-апрель күнү “Китеп дүйнөсү” аттуу эл аралык жарманке ачылды. Төрт күнгө созулчу иш-чарада 35 өлкөнүн басмакананасы катышты. Он төртүнчү ирет өтүп жаткан жарманке бул жолу испан жана латын америка адабиятына арналган.

Бул жумада орус опера күйөрмандары Джордж Бизенин “Кармен” операсынын жаңы иштелген вариантына күбө болушту. Аны англиялык режиссер Девид Паунтни койду. Бул чыгарма үчүн атайын чоң театрга чет элдик солистер Жерар Пауэрс менен Надя Крастева чакырылган.

Британ китепканасында китеп окуганга бош орун жок деген нааразычылыктарын британ окумуштуулары билдиришет. Алардын айтуусунда китепкана жаштар чогулуп, сүйлөшүп олтура турган жерге айланган. Китепканага кирип, сырткы кийимдериңди өткөрүп, керектүү китебиңди алганча бир саат убакыт кетет дешет окурмандар.

Немец сүрөтчүсү Грегор Шнайдер адам өлүгүн коюп көргөзмө уюштурууну чечкен. Ал бул нерсе менен өлгөн адамдын сулуулугун көрсөтүүнү жана ага болгон коркуу сезимин жок кылуу максатын көздөгөн. Бирок сүрөтчүнүн бул аракети коомчулук арасында ызы-чууну жаратып, анын өзүнө коркутуп-үркүтүүлөр болгон.



Француз жазуучусу Морис Дрюон 90 жылдык мааракесин белгилейт. Ага карата жазуучуну мааракеси менен куттуктаган телеграммасын Владимир Путин жөнөткөн. Телеграммада Морис Дрюондун чыгармаларынын көпчүлүгү орус тилине которулуп басылып чыкканын жана ал китептер тез эле сатылып кеткени жазылат. Ошондой эле Путин француз жазуучусунун чыгармаларын баардык курактагы орус окурмандары кызыгып окуурун айткан.
XS
SM
MD
LG