Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

МАЙЛУУСУУДА УРАН КАЛДЫКТАРЫ КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУН БУЗУУДА


Майлуусуудагы уран калдыктары ал жайларга жакын жашагандардын ден-соолугуна зыяндуу таасирин тийгизүүдө.

Майлуусуу дарыясынын жээгиндеги 23 жайга 1946-66 жылдар аралыгында Европадан алынып келинген уран калдыктары менен топурак-таштары көмүлгөн. Уран калдыктары ал жайларга жакын жашагандардын ден-соолугуна зыяндуу таасирин тийгизүүдө. Андан улам чачтары менен тиши түшүп, башы ооруп, көңүлү айлангандар аз эмес. Ал жайлардан сызылып аккан суулар дарыяга кошулат. Суу түтүктөрү иштебеген маалда дарыядан суу алган шаар тургуну Өсөрбек Ажибеков далай ирет уулуу жайлардан жагымсыз жыттарды сезген. Ал үч үй-бүлөнүн балдарынын бир кулаксыз туулганын уран калдыктарынын таасиринен көрүп жүрөт:

- Элүү жаштан өткөн адамдардын баары кусат. Кан басымдары көтөрүлөт. Бир айлап, эки айлап суу түтүктөрү токтоп калганда полядан чыккан сууну ичебиз. Ошондон уламбы 12-13 жашка чыккан балдардын бирден кулактары мунжу туулду,- дейт Өсөрбек Ажибеков.

Шаарда соңку жылдары рак оорусуна чалдыккандардын саны да өсүүдө. Быйыл ал кеселге туш болгон он киши катталса, 2007-жылы 2006-жылга караганда үч адам көп ооруган. Ал оорудан көз жумгандардын саны да көбөйүп, өлүм деңгээли былтыр 5 пайызга өскөн. Мындай маалыматты ырастаган облустагы медициналык статистика борборунун дарыгерлери шишик оорусунун көбөйүшүнө уран калдыктуу жайлар таасир этүүсү ыктымал экендигин билдиришти.

Эки жылдан бери Майлуусууда дүйнөлүк банктын каржылоосу менен уран калдыктарын зыянсыздандыруу аракеттери көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башкы адиси Тойчу Изабековдун айтымында, ал иштерге 10,95 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Аталган жайлардын кээ бири саатына 60тан 100 микрорентгенге чейин чыгарган нуру ага жакын тургун адамдарга жана он метрге чейин таасир этүүсү мүмкүн:

- 600 миң микрорентген болушу мүмкүн. Бул аномалиялык чекити деп коёбуз. Бул бир эле территорияда болот. Ал көп жерге жетпейт.

22 жылдыгы болоор Чернобыль алааматын өчүрүүгө облустун 416 тургуну катышкан. Атом станциясынан алган залакаттарданбы, же башка ооруларданбы, алардын арасынан 114 адам көз жумуп, ушу тапта 302си өмүр сүрүүдө. Алааматтын 156 катышуучусу майып катары каттоодо турушат. Начар турмуш менен үй-бүлө курууда жолу болбогон айрым ардагерлердин өз жанын өзү кыйууга мажбур болгондугу коомчулукка белгилүү. Ноокен районундагы мектеп деректири Бактыбек Масиркулов Чернобыль кесепетине аскерде жүргөндө барып калган. Анын белгилешинче ооруган учурунда жергиликтүү дарыгерлер кыйла убаракерчиликке салышат. Райондон кырсыкка катышкан 42 адамдын 37си калды. Чернобылдын ардагерлерине мамлекет тарабынан көрүлгөн камкордуктарга ал ыраазы болду:

- 42 жоокер катышканбыз. 37 жоокер майрамга даярданып отурабыз. Калгандарын ошол жерде алган жаракаты боюнча бул дүйнө менен коштошуп отурушат. Кызмат кылган балдарды көрүп туруп, денесинде канчалык жабыр тартканын сезип турамын. Мамлекет бизге жардамын берип жатат. Эс алуу жайларга, курортторго жиберип жатат. Райондук медицинада кемчиликтер кетет экен. Барсаң күтүп каласың. Баардык балдарыңды комиссиядан өткөр, анан мен карайм деген күндөр болот,- дейт Бактыбек Масиркулов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG