Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

ЧЫГЫШ ЕВРОПАДА ЭРКИН СӨЗ АЗАЙЫП БАРАТАТ


Эмдиги айда – 3-майда дүйнөдө басма сөз эркиндигинин күнү белгиленет. Бул окуяга карата эл аралык бир катар уюмдар өздөрүнүн изилдөөлөрүн,отчетторун жарыялай башташты. Freedom House уюму бүгүн, 29-апрелде жаңы эле жарыялаган докладында Европанын мурдагы коммунисттик өлкөлөрүндө Азиядагы,Африкадагы жана Латын Америкасындагы чектөөлөрдөн кем калбаган көрүнүштөр пайда болгонун белгиледи. Мунун алдында эле бул темага британдык “Экономист” апталыгы кайрылып, Чыгыш Европада эркин сөз --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2007/05/7E74C362-AAA8-4FC8-B053-E2ECF30A6582.asp улам азайып баратканын көрсөткөн эле.

“Экономист” басылмасы маалымат каражаттарына байланыштуу Словакияда кабыл алынган жаңы мыйзамга токтолуп, аны эркин сөздү ооздуктоонун Чыгыш Европадагы бараандуу көрүнүшү деп атады. Бул мыйзам быйыл 1-июнда күчүнө кирет жана гезит-журналдардагы макалаларда, телерадиолордогу материалдарда аты алган ар бир адамга өзү каалагандай көлөмдө төгүндөмө жарыялаганга укук берет. Мындай төгүндөмөлөрдү баскандан же жарыялагандан баш тарткан маалымат каражаттары олчойгон суммада айыппул тартат.

Каяша пикир айтуу европалык өлкөлөрдүн көбүндө көнүмүш иш. Бирок словактардын мыйзамын “Экономист” жалаң жазалоо жагына ыктаган документ деп баалайт. Өңчөй популисттер менен улутчулдардан куралган словак өкмөтү жаңы мыйзамдын маанисин журналисттердин жоопкерчилигин арттыруудан, коомдук кызыкчылыкты басма ээлеринин кызыкчылыктарынан жогору көтөрүүдөн көрөт.

Эл аралык журналисттик уюмдар бул мыйзамды жапырт сынга алышты. Алардын айтымында, жаңы мыйзамды биринчи кезекте Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо өз таламына пайдаланышы мүмкүн. Фицо айрым гезиттерди ачыктан-ачкын эле “сойкулар” деп атап жүрөт.

Эркин сөздүн демин басуу жагынан Чыгыш Европадагы башка өлкөлөрдө да бийликтердин демилгеси күч алып баратат.

Болгарияда, мисалы, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге жалаа жабуу кылмыш деп табылды жана айыппулдардын өлчөмү өлчөөсүз көбөйтүлдү. Сын айтылбас “ишмерлердин” тизмесине чиновниктер корпусу, атүгүл таанымал бизнесмендер киргизилди. Мурдагы жылы соттордо “адамдык ар-намысын” мазактаганы үчүн деген доо менен 60 иш каралса, былтыр алардын саны 100дөн ашты.

Румыниянын конституциялык соту да былтыр “мазактоо” деген түшүнүктү мыйзам тартибинде жазалана турган кылмыштардын катарына кайра кошту. Деген менен бул өлкөдө башкы маалымат каражаттарынын басымдуу көпчүлүгү саясий жактан активдүү үч эле магнаттын колунда топтолуп калганы антидемократиялык мыйзамдарга караганда сөз эркиндигин көбүрөөк чектей баштады.

Чыгыш Европада байкала баштаган ушул жана башка тенденцияларды Freedom House уюму бүгүн, 29-апрелде жаңы эле жарыя кылган докладында Азиядагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы чектөөлөрдөн да жаман көрүнүш катары баалады. Бул ойду бышыктап, аймактагы басма сөз эркиндиги боюнча бир катар докладдарды даярдаган Мариуш Драгомир “мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн көбү башкы максатына жетишкенин – Евросоюзга мүчө болушканын, эми өкмөт башында турган саясатчылар өз бийликтеринен эркин пайдаланганга умтула башташканына” көңүл бурду.

Freedom Houseтун бүгүнкү докладында экс-совет республикаларынын ичинен Россия, Грузия жана Кыргызстан мурдагы көрсөткүчтөрүн бир кыйла төмөндөтүп жиберишкени айтылат. Ал эми басма сөз эркиндигин абалы “эң жаман” деп бааланган дүйнөдөгү он өлкөнүн арасында КМШдан Белоруссия, Түркмөнстан жана Өзбекстан аталган.

Быйыл январда эле уюмдун изилдөөлөр боюнча директору Крис Уолкер КМШнын жети өлкөсү “эркин эмес”, төртөө “жарым-жартылай эркин” жана бирөө гана “эркин” деп бааланганын белгилеп, бул аймакта сөз эркиндиги жаңы коркунучтарга туш келгенин эскерткен эле.
XS
SM
MD
LG