АКШнын жана Ирактын аскер күчтөрү 27-апрелден тарта Багдадда 45 согушкерди жок кылганын кабарлашууда. Кечээки кагылышууларда болсо америкалык 4 аскер мерт кеткен. Кагылышуулар жүргөн Садр-сити деген жер – шийи мусулмандарынан турган "Махди армиясы" куралдуу тобунун коргонуучу жайы болчу. Бул топту шиит имамы Муктада ас-Садр жетектейт. Акыркы апта ичи Ирактагы куралдуу кагылышуулар күчөгөнү кабарланууда. Ирактагы согуштук операция 2003-жылы башталган жана ага 25 өлкөнүн жоокерлери катышууда.