Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

БУУ АЗЫК–ТҮЛҮКТҮ АРЗАНДАТУУНУН ЖОЛДОРУН ТАЛКУУЛАП ЖАТАТ


Улуттар уюму глобалдык азык-түлүк кризисин жөнгө салуунун жолдорун талкуулоодо. Швейцарияда кечээ башталган эки күндүк жыйында уюмдун жетекчилиги бааны кантип арзандатуу жана тартыштыкты алдын алуунун үстүнөн баш катырууда. Ал эми бул аралыкта эл аралык басма сөздө дүйнөдөгү азыркы азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AF7B9416-1A12-447E-BA5A-6E15CF2B5DFD.asp кризисинен улам анын генетикалык жактан модификацияланган түрлөрүн өндүрүүгө олуттуу көңүл бура турган кез келди деген көз караштар айтылып жатат.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун (Ban Ki-Moon) Швейцариянын Берн шаарындагы жыйынга Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд өңдүү мекемелердин башчыларын чогултту.

Ааламдагы азык-түлүк кризиси тууралуу азыр эл аралык трибуналардан көп сөз болуп жаткан кези. Башкатчы Пан Ги Мун жакында эле Африканын Гана мамлекетинде өткөн соода жана өнүгүү боюнча эл аралык жыйында жетиштүү чара көрүлбөсө тамак-аштын тартыштыгы дүйнөдөгү саясий туруксуздукка алып барарын эскерткен болчу:

-Эгер талаптагыдай көңүл бурулбаса, бул кризис артынан башка көп кризистерди алып келиши мүмкүн. Экономикалык өсүшкө, социалдык прогресске, атүгүл дүйнөнүн саясий коопсуздугуна таасир берген көп тармактуу проблемага айланат.

Ага катар БУУнун башкатчысы азык-түлүктүн кымабатташы дүйнөдө жакырчылыкты кыскартуу боюнча Улуттар уюмунун алкагында кабыл алынган программаларды ойрон кылып жатканынын кошумчалаган эле. БУУнун эсебинде, акыркы бир жылда тамак-аштын баасы 60%га кымбаттады, бул өз кезегинде Африка, Азия жана Түштүк Американын айрым өлкөлөрүндө элдик толкундоолорду жаратты.

Азык-түлүк баасынын асмандашы, андан улам жакыр-жалчы өлкөлөрдүн калкы туш болгон ачарчылыкка каршы чукул чараларды көрүү чакырыгын ушул айда Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору өңдүү каржы уюмдары да жасады.

Дүйнөдө өзгөчө дан–азыктарынын кымбатташынын негизги бир себеби катары кадимки күйүүчү майга альтернатива катары чыгарылып жаткан биотун аталууда. Аны өндүрүүнүн көлөмү соңку жылдары көбөйгөн. Ушул дүйшөмбү күнү Женевадагы пресс-конференцияда БУУнун тамактануу укугу боюнча атайын докладчысы Жан Зиглер (Jean Ziegler) биотун өндүрүшүн токтотуу чакырыгы менен чыкты:

-Биотунду өндүрүүнүн азыркы методдору адамзаттын басымдуу бөлүгү үчүн кылмыш. Бул келише албай турган кылмыш. Андыктан мен Нью-Йоркто, Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынан жана Адам укуктары боюнча Кеңешке жазган соңку отчетумда бул өндүршкө беш жылга толугу менен мораторий киргизүүнү өтүндүм.

Адамзат азыркы 6,5 миллиард кезинде эле азык-түлүк тартыштыгын сезип жатса, 2040-жылы болжолдонгондой, дүйнө калкынын саны 9 миллиардга жеткенде кантип тоюнушу мүмкүн. Британиялык "Observer" басылмасы 27-апрелдеги санында жарыялаган макалага караганда, 9 миллиард адамды тоюндуруу мүмкүн. Ал үчүн азык-түлүктүн генетикалык жактан модификациялаган түрлөрүн өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруу керек.

"Кеңири жайылуучу ачарчылыкты токтотуу максатында биз түшүмдү жакшыртуу жана азык-түлүктү көбүрөөк өндүрүү үчүн же планетанын жапайы аймактарынын акыркыларын айдайбыз же генетикалык жактан модификациялоо технологиясы фермелерге түшүмдү тропикалык токойлорду казбастан туруп эле көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", - дейт Улуу Британиядагы Уэльс университетинин профессору Крис Поллак (Сhris Pollack) .

"Observer" басылмасынын илим боюнча редактору Робин МакКи (Robin McKie) өз макаласында белгилегендей, аталган багыттагы иликтөөлөр боюнча тажрыйбасы бар Европада бул иш коомдук колдоонун аздыгынан, өкмөттөр каржылоодон чоочулагандыктан улам алга жылбай келүүдө.

Азык түлүктү генетикалык жактан модификациялоо - дүйнөдө талаш-тартышты жараткан маселе. Бирок ал туура пайдаланылса, "Observer" басылмасындагы макала авторунун пикиринде, илим мисалы картошка, күрүч өңдүү азык-түлүктүн негизги түрлөрүнө кургакчылыкка жана илдеттерге туруштук бергидей гендерди киргизүү аркылуу дүйнөнү тоюндурууга жардам бере алмак.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG