Бүгүн Бишкектеги райондор аралык сот мындан беш жыл илгерки өкмөттүн “Кумтөр” алтын кени тууралуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун доо-арызын карамак. Доо арыз ээси Кубанычбек Исабеков Кумтөргө байланыштуу иштин Жогорку сотко берилишин -өкмөт тарабынан атайын жасалган иш-аракет, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Кубанычбек Исабеков өкмөттүн өзү талаштуу иштин тезирээк териштирилип, укуктук баасын алышына кызыкдар эмес деп эсептейт. Өкмөт болсо канадалыктар менен түзгөн келишимдерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы сакталган, деп белгилөөдө.(ZKo)
17:15 Кумтөр алтын кенине байланыштуу сот иши райондор аралык соттон Жогорку сотко өткөрүлүп берилди