Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

17:53 Наристелерге ВИЧ-СПИД жуктурду деп айыпталган дарыгерлер сотко келбей коюшту


Жаш балдарга ВИЧ-СПИД илдетин жуктургандыгы жана кызматына шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан 14 медициналык кызматкердин үстүнөн болуп жаткан көчмө сот жыйыны 14-майга жылдырылды. Бул туурасында Ош шаардык сотунун судьясы Закир Максүтов 29-апрелде “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, жабырлануучулардын өтүнүчү боюнча сот жараяны Ноокат районунда бүгүн башталган. Бирок негизги айыпкерлер сотко түрдүү шылтоолор менен келбей койгон. Жабырланган энелердин жана наристелердин жактоочусу Фатима Хабибуллина соттон жараянга кош көңүл мамиле жасаган айыпталуучуларга карата чара колдонууну талап кылып, антпесе бул иш чубактын кунундай чубалып жүрө берерине тынчсызданганын билдирген. (АТо)

XS
SM
MD
LG