Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

СӨЗ ЭРКИНДИГИ КМШДА КЕДЕРИНЕ КЕТТИ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Ушул жылы дүйнөдө сөз эркиндигине чектөөлөр болду. Мындай тыянак Фридом Хаус (Freedom House) эл аралык уюмунун жаңы баянында айтылат. “Басма сөз эркиндиги” деп аталган документте массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги эң чектелген он өлкөнүн катарында мурунку Советтер союзунун курамына кирген Белорус, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер бар. Ошондой эле Орусияда, Грузияда сөз эркиндиги жааттагы абал өтө начарлаганы белгиленген.

Баяндамада 195 өлкөдөгү басма сөз абалына сереп салынган. 72 мамлекет, же болбосо алардын 37 пайызы эркин деп табылган. 50 мамлекетте, башкача айтканда жалпы өлкөлөрдүн отуз пайызында ММК жарым жартылай эркин деп бааланган. Дагы 30 пайызы же 64 өлкөдөгү басма сөз эркин эместиги көрсөтүлгөн.

Серепчилер мурунку постсоветтик өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө басма сөз эркиндиги кооптондура турган кырдаалда экенин билдиришүүдө.

Фридом Хаус уюмунун өкүлү Кристофер Уокер Грузияда басма сөз өлкөдөгү ыңкылаптан кийин жакшырганын айтвп, бирок былтыр кайра артка чегинүү чегинүү байкалганын белгилейт:

- Биз бул өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардан улам массалык маалымат каражаттарындагы бөлүнүп жарылууну жана артка чегинүүнү байкадык. Бул өзгөчө өлкөгө чукул кырдаал киргизгенде орун алды. Жалпылап айтканда, өткөн жылдагы чегинүүлөрдөн улам Грузияны жарым жартылай эркин жана эркин эмес деген топтордун чегине коюуга болот.

Кристофер Уолкер мурунку Советтер биримдигинин курамынан чыккан дагы бир өлкө Азербайжандагы кырдаалды мындайча мүнөздөйт:

- Былтыр Азербайжанда маалымат каражаттарына кысым күчөдү. Бул быйылкы жылга белгиленген президенттик шайлоону утурлай башталган кысым. Бир канча журналисттер камакка алынды. Бул өлкөдөгү алигиче чабал бойдон кала берген көз карандысыз маалымат каражаттарына карата жасалган кысым өтө байкалаарлык болду. Бул жагдайдан улам, былтыркы көрсөткүчү мурдагы жылкыдан да төмөндөдү.

Арменияда да былтыркы парламенттик шайлоо маалында өкмөт басма сөздү ооздуктоо аракетин көргөнү Фридом Хаустун баяндамасында белгиленет.

Ал эми түстүү ыңкылап болуп өткөн өлкөлөрдүн ичинен Украина гана сөз эркиндигин салыштырмалуу туруктуу сактап кала алды.

Орусияда сөз эркиндиги акыркы жылдардагы эң төмөн көрсөткүчкө жеткени байкалган.

- Эгерде сиз сөз эркиндигин саясий, укуктук жана эконмикалык ченемден алып карап көрсөңүз, анда Орусиядагы ММК акыркы жылдары баардык жагынан кысымга учураганын байкайсыз.

Фридом Хаус эл аралык уюмунун өкүлү Кристофер Уокер Орусияда былтыркы декабрь айындагы парламенттик шайлоодо бийликтин басма сөздү чектөөгө жасаган аракеттерин мисалга келтирет. Акыркы жылдары бир катар журналисттердин сот жообуна тартылышын айтат. Басма сөз өкүлдөрүнүн өмүрүнө кол салынып, бирок алардын өлүмүнө айыптуулар табылбай жатканы абалга терс таасир тийгизээрин белгилейт.

Белорусту Фридом Хаус уюму сөз эркиндиги дээрлик камсыз кылынбаган өлкөлөрдүн катарына кошкон. Өлкөдөгү журналисттерди куугунтуктап коркутуп-үркүтүү жана Интернеттен маалымат алууну чектөө сыяктуу учурлар буга далил катары саналып өткөн.

XS
SM
MD
LG