Европа Биримдиги менен Сербия байланыштарды бекемдөө боюнча келишимше кол коюшту. Люксембургда кол коюлган бул келишим визалык режимди жеңилдетүү, экономикалык жардам көрсөтүү маселелерин камтыйт. Келишим – Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушу үчүн жасаган алгачкы кадамы. 11-майда Сербияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.