Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

16:05 Ысыккөлдүктөр УТРК элден кечирим сурашын талап кылышууда


Көлдүктөрдүн билдиргенине караганда, Түптөгү окуяга катышкан мас аялдардын бир бөлүгү райондук мамлекеттик ишканаларда иштегендер болсо, калгандары кийим которуп алган укук коргоо органдарынын, райондук администрация кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жалдап келген чагымчылар менен мастар болгону белгилүү болуп калды. Ысыккөл элинин билдирүүсүн жарыялаган Сабыр Муканбетовдун айтымында, Түп районунда өткөн окуяларды чагылдырууда КТР бир тараптуулукка жол берип, “Түптүн эли Каркыранын казактарга өтүшүнө нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыкканы чогулгандарды жумуртка менен уруп кубалап жиберишти” деген маалыматы Көлдүктөрдүн намысына тийип, кыжырдануусун пайда кылууда. Билдирүү ээлери КТРдин мындай ойлонбой жасаган кадамы жалпы Ысыккөлдүктөрдүн аброюна шек келтирендигин белилешип, КТР жамаатынан тез арада Көл элинен кечирим суроосун талап кылышты. Бул билдирүү боюнча УТРК жетекчилиги азырынча пикирин билдире элек.(MSu)

XS
SM
MD
LG