Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

АЗЫК-ТҮЛҮК КАПШАБЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?


30-апрелде Жогорку Кеңеште азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp маселеси талкууланды. Ага премьер-министр Игорь Чудинов баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана абал жөнүндө маалымат берди. Талкуунун соңунда чечим кабыл алынып, анда дан эгүүгө адистешкен райондорду аныктоо, азык-түлүк коопсуздугу боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди курулушка пайдаланууга тыюу салуу сунушталды.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан чет жактан буудай сатып алууга мажбур өлкөлөрдүн катарында экенин, өлкөдө дан тартыштыгы жай айларында болуш ыктымалдыгын белгиледи:

-Жай айларында кырдаалдын курчушун күтүүгө болот. Ага дан жетишпейт деген айгай салуулар кошул-ташыл болушу ыктымал. Бирок бүгүнкү күндө дан боюнча кырдаал көзөмөлдө жана өкмөт суроо-талапты канааттандырууга даяр турат.

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун мыйзам аркылуу камсыздоого аракеттенүүдө. Бул үчүн “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзам парламентке жолдонду. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу бийлик органдарынын жоопкерчилиги, азык-түлүк базарында иштеген тараптарга антимонополдук чараларды көрүү ыкмалары каралган. Өкмөт дыйкандарды ири чарбаларга бириктирүү үчүн кооперативдерди айрым салыктардан бошотуу да караштырууда.

Быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан мамлекеттик материалдык резервге 30 миң тонна буудай сатып алынат. Бул үчүн бюджеттен 320 миллион сом бөлүнмөкчү. Талкууда айкын болгондой Кыргызстан дээрлик 60 жылдан бери Казакстандан жылына ондогон миллион долларга дан сатып алат. Депутаттар бул акча жергиликтүү дыйкандарга багытталыш керектигин билдирди. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногойбаев быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алууга 320 миллион сомдун бөлүнүшү алгачкы кадамдар экенин белгиледи:

-Биз Казакстандан 400 миң тоннаны 250 доллардан алганда 100 миллион доллар Казакстанга кетти. Муну менен биз Казакстандын дыйкандарын колдоп бердик. Өзүбүздөн алсак өзүбүздүн дыйкандарды колдомокпуз. Мына ушуга биз программа даярдадык. Аны ишке киргизүүгө даярбыз. Ал үчүн жылына бер жагы 3.5-4 миллиард сом керек. Ал акчага биз өзүбүздүн дыйкандардан буудай сатып алып, аларды дан эгүүгө кызыкдар кылат элек.

Талкууда Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров данды сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштады:

-Бизде Ош, Жалалабат жана Баткен облустарында эгин жыйыноо башталаар замат түшүм коңшу мамлекеттерге ташылып кете баштайт. Россия, Казакстан данды тышкы чыгарууга тыюу салгандай эле биздин өкмөт да данды сыртка чыгарууга тыюу салган чечим кабыл алыш керек. Мына жакында түшүм жыйнала баштайт.

Депутат Бегалы Наргозуев суулуу жерлердин курулушка жана башка багытка бөлүнүшүнө чек коюуну сунуштады. Жарыш сөзгө чыккан депутат Алишер Сабиров жер ээлери иштетпеген жерлерге салык киргизүүнү, бир нече жыл бою ал жерди иштетпесе мамлекетке кайра кайтарууну, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигин Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги деп алмаштырууну, азык-түлүк боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүүнү, буудай, пахта жана башка негизги азык түлүктөргө мамлекеттик сатып алууларды киргизүүнү сунуштады.

Талкуунун соңунда чечим кабыл алынып, азык-түлүк боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү, дан эгүүгө адистешүүчү райондорду аныктоо, айыл чарба багындагы жерлерди башка категорияга которууга тыюу салуу сунушталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG