Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

БИШКЕКТЕ 18 СҮРӨТЧҮНҮН КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ


Бүгүн Бишкектеги сүрөтчүлөр борборунда он сегиз сүрөтчүнүн жазга карата ачылып жаткан сүрөт көргөзмөсү 11-майга чейин созулмакчы. “Бишкек-Арт” борборунда, же Бишкек сүрөтчүлөр борборунда алтымышка жакын сүрөтчүнүн өнөрканалары жайгашкан.

Жазга карата ачылып жаткан көргөзмөгө улуурак муундагы жана жаш муундагы он сегиз сүрөтчүнүн кырк беш эмгеги коюлуп жатат. Негизинен көргөзмөгө коюлган эмгектердин тематикасы ар кандай. Аталган көргөзмөгө Догдурбек Нургазиевдин, Каныбек Давлетовдун, Нина Карасташованын, Садырбек Макеевдин, Ормоналы Идрисовдун, Марат Өгөбаевдин, Сыдык Сатаркуловдун жана башкалардын сүрөт эмгектери коюлуп жатат.

Бишкектеги Мамлекеттик сүрөт академиясынын окутуучусу, сүрөтчү Каныбек Давлетовдун көргөзмөгө “Сүйүшкөндөр”, “Эстен чыккан күү”, “Мергенчинин алтын Ай” жана “Бакыт кушу” аттуу эмгектери коюлган. Сүрөтчү кесиби боюнча график болгону менен кийинки убакта живописке да кайрылып келет. Каныбек Давлетов кечээ жакында Москвада өзүнүн жеке көргөзмөсү менен болуп кайтты. Ал эми алдыдагы иштери тууралуу буларды маалымдады:

-Октябрь айында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата бизде чоң көргөзмө ачылат. Мына ошол көргөзмөгө мен Айтматовдун “Биринчи мугалиминин” мазмуунунан алып жети барактан турган түрмөк даярдап жатам.

Көргөзмөдөгү жаштар менен улуурак муундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектерине карата “Бишкек-Арт” борбордун менеджери Рахат Султанкулова мындай пикир айтты:

-Жаш сүрөтчүлөр сүрөт өнөрүндө жаңы багыттарда эмгектерди жаратышууда. Ал эми мурдагы муун өкүлдөрүндө мурдагы соцреалисттик багыт басымдуу болгону менен, алар да жаңы багыттардын үстүндө изденип келишет.

Ошондой эле Рахат Султанкулованын пикиринде, дегеле сүрөт көргөзмөлөрүнө жергиликтүү эл көп келбейт. Тескерисинче, чет өлкөлүктөрдөн көргөзмөгө келгендер арбын.

Көргөзмөгө төрт эмгеги менен катышып жаткан сүрөтчү, Мамлекеттик сүрөт академиясынын окутуучусу Ормоналы Идрисов мурда классикалык модернизм багытында иштеп келген болсо, азыр реалисттик багытка ыктай баштаганын айтат. Сүрөтчүнүн башкы темасы - кыргыз турмушун ар тараптуу, ар түрдүү өңүттөн чагылдыруу:

Мен дегеле чыгармачылыгымдын башталышынан бүгүнкү күнгө чейин – ушу кыргыз турмушун, кыргыз тагдырын сүрөт өнөрүнүн бардык жанрында иштеп келем.
XS
SM
MD
LG