Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

А.МОМУНТАЕВА: “КЫРГЫЗ АЙЫМДАРЫНЫН ЭЛЕЧЕКТЕРИНЕ КӨӨ ТӨГҮЛДҮ”


Маектешкен Уланбек Эсенгелди, Талас Ысыккөлдөгү Түптө болгон жөө жүрүш --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/24830A72-22D9-405F-A2EA-25CEB3C60A61.asp тууралуу жер-жерлерде ар кандай пикирлер айтылууда. Таластагы акыйкатчы болуп иштеп жаткан Арзыкан Момунтаева “кыргыз айымдарынын элечектерине көө төгүлдү, адам укугу басмырланууда” деген пикирин кабарчыбыз Уланбек Эсенгелди менен болгон маегинде билдирди.

-Арзыкан айым, Кыргызстандагы акыркы кырдаал тууралуу пикириңиз кандай?

-Кечээ күнү эле мен “Багыт” берүүсүн көрдүм, ошол жерден көлдүк депутат картасын алып чыгып көрсөтүп атат, казактарга баланча жерди берип, баланча жерди алдык деп. Менин түшүнүгүмдө абдан элге ыңгайлуу, суулуу, майлуу жакшынакай жерди болбогон эле ортозаар жерге алмашып, булар көбүрөөк, тигилер азыраак алгандай түшүндүк. Андай болсо колду чаап эле, оппозицияны “кой айланайын, мындай экен” дейт элек да. Ушуну мурдатан эмне үчүн айткан жок? Элди чөптөй кылбай, өздөрүнүн билгенин кыла бербей, ачык айтыш керек эле да. Бүгүнкү күндө ачыктыкты суранып атып тамагыбыз кургап кала турган болду.

-Демек бул маселе жашыруун каралып, кеңири массага айтылбагандыктан ушундай жагдай түзүлдү деп ойлойсузбу?

-Ушул жерден менин нааразычылыгым бар. Бардык нерсе жашыруун бүтөт, кол коюп коюшат, бир жактуу депутаттар чечип коет, бийлик өзүнүн билгенин кылат деп элдин баары чалкасынан түшүп калып атат. Бирок оппозициядагылар деле ушуну талап кылышы керек болчу, “конституциялык укугубуз бар, бардык нерсени бирге чечели, бармакты оорутпай кесели” деп. Алар деле кайрылса болмок. Бул жерде бийлик талашкан өңдөнгөн эле жаман нерсе пайда болду. Бүгүнкү күндө кыргыздын шору, азабы бийлик талашуу болуп калды.

-Ысыккөлдүн Түп районундагы жөө жүрүш туурасында сиздин пикириңиз кандай? Айрым оппозиция өкүлдөрүнө кол салуу да болду деп айтылып жатат...

-Бул өмүрдө адамдын укугу, адам өзү баарынан бийик турат. Эгерде адамдын укугу сакталса, ошол мамлекет өнүгөт, гүлдөйт, өсөт. Бул жерде адам укугу басмырланып жатканы көрүнүп эле турат. Жөө жүрүш, тынч митинг, жанагыдай акциялар бул эркиндиктин шаңы, эркиндиктин өзү эмеспи. Буга мүмкүнчүлүк бериш керек болчу. Жөө жүрсө жүрөт. Бизге жаңыдан демократия келген убакта биз жөө жүрүштөргө катышып, 16-жылдагы курмандыктардын урматына жөө басууларды жасаганбыз жана башка ушул сыяктуу көп нерселер болуп эле жүрөт бүгүнкү күнгө чейин.

Анан Каркырага келгенде, “ооба жөө жүргүлө, Каркырадан ашып барып көрүп келгиле” деп өкмөт менен бирге иштесе деле майдай, сүттөй болуп билинбей калат эле. Аялдарды ажылдатып кое берген ооруну койсок болот эле, ак элечектин башына көө куюп жибергендей эле кеп болуп калды. Түптүн акиминин аялдарды ажылдатып, элдин бетин тыттырып кое бергени абдан туура эмес.

-Бүгүнкү учурда ушул кырдаал күчөп кетпейби? Өзүңүздүн көз карашыңызда бул эмне менен бүтүшү мүмкүн?

-Бийлик күчкө салып баарын сындырып, коркутуп атат. Көпкө деле узабайт. Күчөп кетиш мүмкүнчүлүгү жок деп мен айта албайм. Бирок али да кеч эмес, бардык убакта жакшы нерсе жасаганга эч качан кеч болбойт. Сүйлөшүүлөр жүрүп, адамкерчиликке келип, мыйзамды туу тутуп ортого коюп, ачык-айкындуулук менен көп маселени чечип алса болот. Өлүп калган адамдын кунун дагы калыбына келтирет экен го. Эмне үчүн турмуштагы жакшы нерселерди калыбына келтиргенге болбойт?

-Акыйкатчы болуп элдин көйгөйлүү маселелери менен иштеп жатасыз. Азыркы тапта элди толкундаткан кандай маселелер бар?

-Чындап эле сот тарабынан укук бузуулар боюнча мага көп кайрылып жатат. Өзүңөр көрүп билип тургандай, базардагы абал, кымбатчылык, электр энергиясы, суунун тартыштыгы, ушунун баары кандайдыр бир коомдук бейкуттукка кичине жолтоо болгонсуп көрүнүп атат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG