Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

2-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1198-жылдын бу күндөрү каракытай өкүмдарынын сансыз аскери Сырдарыяга карай жортуул сапарын улантышкан. 1920-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында «Интергельпо» сукно фабрикасы ишке киргизилген.

Каракытай өкүмдарынын сансыз аскери 1198-жылдын бу күндөрү Сырдарыяга карай жортуул сапарын улантты. Өкүмдар аскер башына Тайнку вазирди дайындап, ага бу аймакта жашаган калкты баш ийдирүү вазийпасын жүктөгөн.

Каракытайлар чыгыштан батыш багытында жортуул жасап, жазма булак маалыматтарына ылайык бул убакта алар кыргыздар менен кырчылдашкан согушту улантып турушкан. Айрым тарыхчылардын пикирине ылайык, каракытайлардын чапкыны жана ага каршы жүргүзүлгөн каармандык күрөш кыргыз калкынын «Манас» дастанында айтылып калган.

1916-жылкы боштондук күрөш кыргыздардын бир жарымынын Кытайга качышына кириптер кылган. Кытайга келген кыргыздар жол азабын тартып, экинчи жагынан, жергиликтүү бийликтин кысымын көрүп, акыры алар 1917-жылдын май айында кайра Кыргызстанга багыт алышкан. Кыргыздардын артка карай көчү Үркүнгө караганда кыйла оор азап менен өткөн. Байлык, малынан ажырап, бөтөн жерде азып-тозгон адамдардын бир даары жол азабын көтөрө албай аска, таш ашууда түбөлүк жай тапкан.

Фрунзе шаарындагы «Интергельпо» сукно фабрикасы 1920-жылдын бу күнү ишке киргизилген. Фабриканын курулушуна Кыргызстанга келген интернационалистер зор салым кошуп, мындан ары өлкөдө индустриалдык өнөр жайдын өнүгүшүнө чыйыр салынган.

Советтик аскерлер 1945-жылдын бу күнү Берлин шарын ээлешти. 4 жылга созулган учу-кыйырсыз согуштун соңку илеби келип, миңдеген жоокерлер фашисттер бекинген уюкка эки-үч эселенген күч менен сокку уруп атышты. Теңдешсиз согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, фашисттик Германиянын кулашына өз салымын кошкон.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатов 1908-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Т. Кулатовдун киндик каны Ош областынын Ноокат районундагы Кара булак кыштагына тамган. Кедей-дыйкан бүлөсүнөн чыккан Төрөбай Кулатовдун эмгек жолу жумушчулук кесиптен башталып, кийин анын жылдызы мамлекеттик саясатчы деңгээлинде жанган болчу.

Бул күнү, 1933-жылы таланттуу акын жана журналист Барктабас Абакиров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG