Бул майрамга карата республика боюнча маданий жана спорттук иш чаралар уюштурулууда. Бул майрам “Дени сак улут – гүлдөгөн өлкө!” деген ураан астында өтмөкчү. Мэриянын пресс-катчсы Э. Козубековдун билдиргенине караганда, жеңил атлетика боюнча эстафета окуу жайларда массалык дене-тарбияны пропагандалоо максатына жүргүзүлүүдө. Бул күнгө карата Коммунисттер партиясы да Ленин эстелигинин жанында митинг жана майрамдык иш чараларды өткөрөт. Партиянын билдиришинче, уюштурулуп жаткан салтанатка төрт миңге жакын адам чакырылды.(MSu)