Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

АР БИР ҮЧҮНЧҮ КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛЕБИ?


Эл ичинде “серый кардинал”, “Күч органдарынын координатору”, “Кадрлар бөлүмүнүн башчысы” аталып, “матрешка-гейттен” тартып кесилген кулак-мурундун ызы-чуусуна чейин аны менен байланыштырылып жүргөн президенттин иниси Жаныш Бакиев менен көлөмдүү аңгеме курган ”Лица” гезити окурмандарды кызыктырган бир далай суроолорго жооп алды.

Жаныш мырза иниси Максим Бакиев экөөнүн мамилеси жакшы экенин, экөө тең мылтык мээлегенде мелжеген жерин жаза атпастыгын, ИИМдеги кадрлардын алмашуусуна анын эч кандай тиешеси жоктугун, мурдагы министр Б. Ногойбаевдин кандайча бошогонун билбей тургандыгын, кесилген кулак менен сөөмөйдүн чуусу тууралуу бир жерден окуп калганын, М. Садыркулов менен мамилеси жакшы экендигин, мындай ызы-чууларды Бекназаровго окшогондор бош жерин толтуралбай калганда ойлоп табышарын, өзүнүн элүү жылдык тоюна орус ырчысы Газмановду өзү “заказ” кылып чакыртпай эле орусиялык достору туулган күнүнүнө “белек” катары ырдатканга алып келишкенин айтып берди.

Ошондой эле маегинде Ж.Бакиев Каркыранын казактарга берилишинде утушка кыргыз тарап гана ээ болгонун, ал эми 4 пансионат биротоло кетпегенин, болгону 49 жылга арендага берилгенин, эми мындай иштерге Текебаев менен Бекназаров сыяктуулар үчүн “жер кеттилеп” чуу салып турмай адатка айланып, алардын жеген нанындай эле болуп калганын, Грузияда ар бир экинчи адам өзүн князь сезсе, Кыргызстанда ар бир үчүнчү адамы, айрыкча чөнтөгүндө 20 миң доллары бары өзүн президент сезерин, өзү болсо 2010-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койбостугун, бирок 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо ат салышарын айтты.


хххх


“Де-факто” гезити оппозициядагы саясатчы Т.Сариев АКШга кетсе, Ф.Кулов президент чакрытпаса деле чээнден чыгып Бакиевге өзү барганын, сатуу боюнча алдына ат салбаган Кыргызстан 4 пансионаттан мурда “Дорожник” деп аталган пансионаттты да Н. Назарбаеге ит бекер арзан же 91 миң долларга 99-жылы эле сатып жибергенин, аталган пансионат көлдүн 17 гектарга жакын аймагын ээлерин, бул суммага Алматы менен Астанадан эки бөлмөлүү квартира да келбестигин маалымдады.

хххх


Ушул эле гезит жакында камакка алынган Ишенбай Кадырбеков менен интервью басты. Ишенбай мырза 2005-жылдын окуясын эске салуу менен ошол 24-25-мартта колунда бийлик турганын, ошондо эле көп нерселерди башкача жасап койсо болмогун, анткени агезде өлкө президенти таптакыр башка адам болуп калышына толук мүмкүнчүлүк бар экендигине карабай, көпчүлүк “революционерлер” кашайып, айрыкча Бекназаров Бакиевдин кандидатурасын колдоп туруп алганын айтып өкүнгөн.



хххх


Гезит ошондой эле депутат Роза Отунбаеванын “Отко күйбөс, сууга чөкпөс азаматтар, “сат, сат, сат” деп ураан салышат” деген интервьюсун жарыялоо менен айрым өзөктүү суроолорго жооп алган. Роза айымдын айтымында, электр тармагын менчик колго өткөрүү менен, эгер ушул өңдүү объектилерде өзгөчө кооптуу жагдай түзүлсө, а жерге өкмөт, президент Куралдуу Күчтөрдү киргизгенге укугу бар деп балтайтып жазып салышканын, демек бул деген эл нааразы болгондо укугун талаша албай тургандыкты, эл ээлик кылалбай тургандыкты түшүндүрөрүн, демек аны бир жактуу гана менчик ээсинин кызыкчылыгын коргогон мыйзам деп ойлоого негиз берерин, сатылып жаткан объекттер элдики, Кыргызстандыкы экендигин, Бакиев өз короосундагы оокатын сатып жатпагандыгын, светке болгон бааны мындан ары ошол менчик ээси кандай кымбаттатып тайрактаса да эми эчтеке кылалбастыгыбызды белгилеп, айтор Акаев убагында деле Турдумамбетов коомдук мүлктү өз билгениндей сатып жатты эле, Бакиев убагында деле отко күйбөс, сууга чөкпөс Турдумамбетов сатып, тейлеп жатат, акыры тынаар деп жооп берди.

хххх


“Жаңырык апта” гезити Түптөгү окуяга баа берген макалалар топтомун басты. “Багы жокко дагы жок кылып же кудайым бизге түзүгүрөөк ажону да пешенебизге буйурбаптыр, биринен экинчиси ач көз, тууганчыл, жердешчил. Кыргыз элинин шорунанбы же саясатта жүргөн азаматтардын кем акылдыгынанбы, айтор падыша тандоого келгенде мүдүрүлүп, пенделик гана касиети бар адамсөрөйлөрдү бийликтин бийик бутагына отургузуп келишти. Анткени элдин ишенимин соодага салгандардын күнү тууп, анын ана башында азыркы ажо турат” деп баяндады “Кор болгон кыргыз жери” деген рубрика алдындагы баш макаласында.

хххх


Ушул эле гезит аркылуу саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев, Кыргыз мамлекетинин жеринде анклавдык мүнөздөгү аймактардын пайда болгону туура эмес экендигин, укукчу Төлөйкан Исмаилова, болуп өткөн окуяда Түп элинин тиешеси жоктугун, район акимчилиги эмгек биржасында бош олтурган адамдарга акча таратып, арак берип жалдап алып келгени тууралуу маалыматтарды алганын, саясатчы Сабыр Муканбетов, Түптүн эли мындай ыплас ишке барбастыгын, ошол эле түптүн карапайым калкы менен сүйлөшкөндө алар Манас бабабыздын буту баскан, Көкөтөйдүн ашы өткөн жерди көз боемочулук менен берип аткандарды аталардын каргышы урсун деп кекенишкенин, бирок Түп эли чыгып берсе болмогун, эми Түп көтөрүлбөсө да Жети Өгүз менен Тоң эли көтөрүлөрүн, баарын өз ордуна коерун, анткени көл эли башынан ар намыстуу, көкжал кыргыз тукумунан экендигин блгилеген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG