Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

13:05 Мэр Данияр Үсөнов шаардыктар менен шаар конокторун бүгүнкү майрамы менен куттуктады


Быйылкы 1-Май майрамдык тынчтык жарыштары адаттагыдай Бишкектеги Алатоо аянтында эмес, Жогорку кеңештин алдындагы аянтта болду. Майрамдык жарыштар шаардык жана төрт райондун мектеп окуучуларынын, кесипчилик техникалык окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуучу менен башталды. Эстафеталык жарыштарда марага озуп келишкен жөө күлүктөргө Бишкектин мэри Данияр Үсөнов өзү баалуу сыйлыктарды, байгелерди таштырып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. “1-Май биз үчүн өзгөчө шаңдуу майрам. Бүгүн дагы майрамдык спорттук жарыштарга Бишкек шаарынын тургундары, мектеп окуучулары, студенттер катышууда. Майрамдык маанай тартуулаган мындай мелдештер калктын денсоолугун чыңдоого өбөлгө болмокчу. Келечек жаштарга таандык, ошондуктан алардын денсоолугу чың жана сергелең болуусу шарт”,- дейт Д.Үсөнов. (IJz)

XS
SM
MD
LG